БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Абройлуу делген Forbes журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын 17-рейтингин чыгарды.
Быйыл жалпысынан тизмеге 30 мамлекеттеги аялдар кирди. Алардын арасында 10 президент, 38 компаниянын башкы директорлору жана көңүл ачуу тармагынын беш өкүлү бар.
Ошондой эле тизмеге YouTube каналынын башчысы Сьюзен Войжитски (13-орун), Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II (46-орун), планетанын эң бай адамы Жефф Безостун мурдагы жубайы Маккензи Скотт (67-орун), ырчылар Рианна (69-орун), Бейонсе ( 72-орун) жана Тейлор Свифт (82-орун) кирди.
Коронавируска каршы натыйжалуу күрөшкөнү үчүн бир нече аял рейтингге киргизилгени белгиленди. Арасында катуу карантиндик чараларды көргөн Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн, оорудан өлгөндөргө тыкыр иликтөөнү жүргүзүүнү тапшырган Тайвань администрациясынын башчысы Цай Инвэнь бар.