Бир карасак, поэзиянын айдыңында эркин учкан Алыкул акын бактылуу, бир карасак азабы көп муңдуу адам. Колумнист Абдыкерим Муратов бул сапар Алыкул Осмоновдун жети трагедиясына токтолду.
Биринчи трагедия. Бир топ жылдан бери Кыргыз Республикасында 12-декабрь Улуттук адабият күнү катары белгиленет. Демек, бул күн адабият үчүн, ошол адабиятка кызмат кылгандар үчүн, анын руханий-эстетикалык күчүнөн даам таткандар үчүн майрам, улуттук майрам. Ырас, бул күн даңазалуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бирок ошол эле күн дагы бир таланттуу акын Алыкул Осмоновдун каза болгон күнү. Караңыз, биринчиси, туура дейли, а экинчисичи? Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө, бир да элинде ошол өлкө, ошол эл үчүн эбегейсиз кызмат кылган адамдын өлгөн күнүн майрамга айландырбаса керек! Тирүүсүндө баркталбаган акынды көзү өткөндө да ушундай кылып таштаганыбыз анын дагы бир трагедиясын өзүбүз жасап бергенибиз болуп жүрбөсүн?..
Экинчи трагедия. Кыргыз поэзиясынын алдыңкы өкүлү Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган. Туулганда эле ырысы жок туулган белем, жетим калып, ошол жетимдигинен ары түртүлүп, бери түртүлүп отуруп, адегенде Фрунзедеги, андан кийин Токмоктогу тоголок жетим калган балдардын үйүндө тарбияланат. Совет өкмөтү жаңы түзүлүп атса, өлкөнү жапырт ачарчылык, жокчулук каптап турса, жетим балдар үйлөрү эле жыргап кетиптирби, ушунчалык бир азапта күн өткөрүшкөн. Кийин-кийин, 1946-жылы жазган "Грунья Савельевнага" деген ырында өзүнүн ошол кездеги абалын жазып атпайбы: "начар экен", "азгын экен" деп. Ошол начар, азгын бала, ата-энесиз бала башкалардан чоочун болуп, жатыркай, өзү менен өзү болуп өстү, кимдир бирөөлөргө, а балким тагдырга кектенип калыптанды. Кийин ошонун баары жеке турмушуна, ден соолугуна, чыгармачылыгына түздөн-түз таасир этти.
Төртүнчү трагедия. "Махабат" жыйнагы анын чоң үмүтү эле. Бул жыйнактагы ырларды ал дүйнөлүк ыр жазуу өнөрүнө окшотуп, лирикалык каарманынын ички күйүтүн, ой-толгоолорун жазган эле. Бирок өз кезегинде ошол жаңылык кабыл алынбады. Кыргыздын дагы бир таланттуу акыны Мидин Алыбаев "Мааниси жок Махабат" деген макаласын жазып, аны "Кызыл Кыргызстан" деген партиялык гезиттин 1946-жылдагы 15-ноябрдагы санына жарыялайт. Мындагы бир ыр тууралуу айтканын окуңуз: "Китептин 15-бетинде "Бүкөн" деген атасы фронттон курман болгон жетим кызды жазып келип… ал баланын – адамдын мурдун бучук кылып кемсинтип, шылдыңдап, төшөктү май кылып, бир жилик этти кучактатып жаткандыгынан өйдө жазганын жактырбадык". Караңыз, каарманды адаттан тыш тандаганы үчүн, ураалаган кыйкырыктары жоктугу үчүн, кыргызды кыргыз бойдон чагылдыргандыгы үчүн изденген акын мактоо ордуна сын угуп калды. Салттуу кыргыз ырына сиңишип калган кыргыз окурманы да, кыргыз акындары да "Махабат" аттуу жыйнагынан оригиналдуу акындык жүзүн таба алышпай Алыкул Осмоновду кайгыга батырды. Ал өзүн жазды, ал өмүрүн жазды, кайгы-касиретин жазды – аны түшүнүшпөдү. Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө экенин, озгун ойчулдугун өз доору анчалык аңдабады. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алганын түшүнүшпөдү. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:
Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң", — дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,
Мага берсе, эки сабак ыр берсин.
Алыкул Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына киргендиктен жаза берди, издене берди.
Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.
Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт, — деген саптары анын өзүн түшүнө албаган окурмандарына, калемдештерине протести эле.
Алтынчы трагедия. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы адегенде Фрунзеде, анан 1950-жылы Москвада орус тилинде басылып чыгат. Ырларынын көбүн таланттуу балкар акыны, депортацияланган улутташтарын издеп келип кыргыз жеринде жашап жүргөн, Сталиндик сыйлыкты дал ошол балкар болгону үчүн албай калган Кайсын Кулиев которгон. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Кыргыз адабиятындагы чоң окуя катары ошол китеп чыккан жылы эле СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына (ал кезде Сталин атындагы сыйлык деп аталчу) көрсөтүлөт. Китепти мактоолор, колдоолор көп болот, бирок акыр аягы түшүнүксүз себептер менен сыйлык берилбей калат. Өмүр күнү бүтүп бараткан акын үчүн бул кезектеги дагы бир өлчөөсүз трагедия эле.
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт! — деп ушундай оорулуу адам, чыныгы трагедиялуу атуул гана жаза алмак.
"Оорулуу акын" деген ырын карап көрөлү. Мындагы оорулуу акын – Осмоновдун өзү деп түшүнүү керек. Ал 30 жашка чыкканда эле – али бала кезде "Ырас өмүр, кандай кыска, кандай аз, тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас" деген ыр саптарын жаратты. Ал "Мен эмнеден уялам" деген ырында өзүнүн "бүркөө түрүнөн, жаш болсо да картка окшогон сүрүнөн", "ал кетирген оорусунан", "соңунда баласы жогунан", "жары жогунан", "кедейлигинен", "жоктуктан" уялбай тургандыгын айтып келип эмнеден уяла турганын мындай айтат:
Мен уялам, мына мындан уялам:
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.
Колун кезеп, жолуң болгур дегенсийт,
Жер шарынан күлүк учкан заманам.
Мына ушундай ой көптөгөн ырларында кызыл сызык болуп өтүп, акындын негизи ою – эл үчүн, артында калган урпактар үчүн жакшы ырларды жазуу керектигин түшүнгөндүгүндө. "Оорулуу акын" ырында айтылгандай, ал ооруп жатып өзүнүн өмүрү аз калганын билип туруп, өлбөс поэзия жараткысы келген. Ал оорулуу акын өлүм менен бетме-бет чыгат, өлүм ага "кол сунат", мына-мына алып кетемин деп турат, акын ошол үчүн шашып жазып, "ак кагаздын бетин ырга толтурат". "Биз өлөрбүз, бирок өчпөс – жазган ырлар төрт сабак" деп поэзия менен алпурушат. Кээ бир түндөрү, кыштын суугунда түнү бою чырактын алсыз жарыгында ыр жазып, котормолор менен алектенип отурчу экен. Бул ыры өзүнүн ошол ички кайгысын оптимизм менен, күйүтүн эл алдындагы милдети менен айкалыштырган чыныгы атуулдук поэзиянын үлгүсү болуп калды. Анын трагедиялуу өмүрү – жеке өзүнүн кайгысы болсо, ошол эле кезде кыргыз поэзиясынын утушу болду, ал кыргыз поэзиясын өз кайгысын жазып отуруп, аскадай бийикке көтөрүп салды.