00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

БШК 12 жаранды президенттик шайлоого каттоодон баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогунун кызматкерлери. Архив
Шайлоо участогунун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12 адам документке байланыштуу талаптарды аткарбай койгондуктан БШК аларды президенттик жарышка каттаган жок.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну көздөгөн 12 жаранды талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Назарбек Нышанов, Бакыт Романов жана Бакыт Керимбеков шайлоо фондун түзүп, күрөө төккөн эмес. Мындан сырткары, шайлоочулардан кол топтоп тапшырышкан эмес.

Дагы тогуз жаран шайлоо күрөөсүн төкпөй, кол топтоо кагаздарын өткөрбөгөнү үчүн каттоодон четтетилди.

Талапкер катары катталбай калгандар:

  • Элеонора Турдубекова;
  • Урустам Кабылбеков;
  • Токтайым Үмөталиева;
  • Медер Болгомбаев;
  • Ербол Токтогулов;
  • Айбек Эркетаев;
  • Жаныбек Сүйүналиев;
  • Мирлан Калыбеков;
  • Самат Ибраев.

БШК президент болууга ниетин билдирген 65 адамдын документин кабыл алган. Кийинчерээк айрымдары ар кандай себептер менен документтерин кайра чакыртып алышкан. Учурда БШК 18 жарандын кол топтоо кагазын бекитти.

Жаңылыктар түрмөгү
0