БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бир жаранды 2,35 миллион сомго алдап кетти деп шектелген адам Россиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, издөөдө жүргөн КР жараны, Ош облусунун 53 жаштагы тургуну С.Ш. колго түшүрүлгөн.
© Фото / Пресс-служба МВД КР53 жаштагы тургуну С.Ш.
![Банк ачам деп 2,3 млн. сомго алдаган кыргызстандык Россиядан кармалды. Сүрөт Банк ачам деп 2,3 млн. сомго алдаган кыргызстандык Россиядан кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0e/1050773863_0:0:640:852_600x0_80_0_0_334c4329129483594d224fc016bb5109.png)
53 жаштагы тургуну С.Ш.
© Фото / Пресс-служба МВД КР
"Жогорудагы жаран 2015-жылы өзүнүн шериктери менен жабырлануучунун ишенимине кирип, банк ачуу шылтоосу менен акча алып, алдап качып кетишкен. Жыйынтыгында жабырлануучуга 2 миллион 350 миң сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда издөөгө алган тарап, Кадамжай РИИБи шектүүнүн колго түшүрүлгөнү боюнча кабардар болду. Мыйзамга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.