00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Унаасын 8 жыл мурун саткан кишиге жарым миллион сомдук айып кагазы келди. Видео

Жазылуу
"Коопсуз шаар" ишке кирери менен Данияр Абжапаровго айып кагаздары тобу менен келе баштаган. Сегиз жыл мурун саткан машинасын айдап жүргөн киши 230 ирет эреже бузуп, айып пулдун суммасы 560 миң сомго жеткен. Учурда ал унаанын жаңы кожоюнун таба албай айласы кетүүдө.

Абжапаров 1995-жылы чыгарылган Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаасын 2 900 долларга (150 миң сомго) ишеним кат менен саткан. Муну менен ал документтеги ээси бойдон калган. Машинанын айып пулдары көбөйгөндөн кийин иш сотко чейин жеткен. Жакында эле ага сот аткаруучулардан 11 000 сомдук айып пулду 10 күндө төлөбөсө үйү камакка алынарын эскерткен билдирүү келген.

Абжапаров автоунаанын азыркы ээсин табуу үчүн укук коргоо органдарына кайрылып, бирок бир жылдан бери майнап чыкпаганын айтат.

"Бишкектин Ленин райондук милициясына барып "машинамды уурдап кетти" деген негиз менен арыз жазайын десем, кылмыштын курамы жок деп кабыл албай коюшту. Биринчи айып кагаздары келгенде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына барып арыз жазгам. Карайбыз деген бойдон дайын жок. Алар атайын издебейт деле экен", — деди Абжапаров.

Подготовка к проекту Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дагы 40 кесилишке "Коопсуз шаардын" камералары коюлат
Каарман борбор калаадагы ижарага турак жай берген жерде от жагып иштейт. Ал жактан тапкан 10 миң сом айлыгы менен "беш баламды багамбы же айып пул төлөймүнбү..." деп отурган чагы.

"Бул машина 19 жолу 5500 сомдук, 88 жолу 3000 сомдук жана 122 жолу 1000 сомдук айып пул салынган эреже бузган. Көбүнчө Балыкчы, Кемин, Токмок жактардагы камерага көп түшкөн. Ал эми Бишкектен "Кудайберген" базарына бараткан жолдо бир нече ирет эреже бузган. Мен деле алты жылдан бери автоунаа айдап жүрөм, эки жолу эле айып кагазы келди. Кандай адамдар 230 жолу эреже бузат таң калам", — деп кайрылды Абжапаров.

Ошондой эле ал аталган автоунааны көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0