БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстан боюнча январь айынын аба ырайын алдын ала билдирген синоптиктер адаттагыдан айырмаланган көрүнүштөр болбостугун айтты. Анткен менен өлкөнүн тоолуу аймактарында сууктун күчү 37 градуска чейин жетет.
![Кыргызстан боюнча январь айынын аба ырайын алдын ала билдирген синоптиктер адаттагыдан айырмаланган көрүнүштөр болбостугун айтты Кыргызстан боюнча январь айынын аба ырайын алдын ала билдирген синоптиктер адаттагыдан айырмаланган көрүнүштөр болбостугун айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/10/1050794344_0:45:2896:1865_600x0_80_0_0_b36abb6a16957452ac15e6bc5d2fad21.jpg)
![Анткен менен өлкөнүн тоолуу аймактарында сууктун күчү 37 градуска чейин жетет. Анткен менен өлкөнүн тоолуу аймактарында сууктун күчү 37 градуска чейин жетет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/10/1050794339_0:0:2896:1820_600x0_80_0_0_8dc87f9b93b007a17f0b29f0031b84d6.jpg)
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы боюнча алганда 1…1,5°, -4…-6° суук, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -8…-10° болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7º сууктан -9…-14 градус суукка чейин, күндүз -1…-6° сууктан 1…6° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -16…-21° суукка чейин, күндүз -4…-9 градус, түндүгүндө түнкүсүн -22…-27° суук, күндүз -6…-11° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -15…-20° суукка чейин, күндүз -3…-8 градустан 1…6° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 25-28 мм, тоо этектеринде 12-22 мм).
Талас облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° төмөн болуп, -5…-7 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -12…-17° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -18…-23° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы -2…-7° сууктан 2…7 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (17-19 мм).
Ош облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан -5…-10° суукка чейин, күндүз -4° суук…+1° жылуулуктан 3…8 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -9…-14° суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 34-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 25-29 мм).
Жалал-Абад облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3°, тоо этектериндеги райондордо -3…-5° суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан -5…-10° суукка чейин, күндүз -4° суук болуп кайра +1 градус жылуулуктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан -9…-14° суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин жетет.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8°, күндүз -1° суук болуп кайра +4° жылуулуктун тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот (өрөөндөрдө 45-47 мм, тоо этектериндеги райондордо 39-74 мм, Токтогул районунда 23-25 мм).
Баткен облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3°, тоо этектериндеги райондордо -3…-5 грудус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан -5…-10° суукка чейин, күндүз -4° суук болуп кайра +1° жылуулуктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -9…-14° суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 26-28 мм).
Ысык-Көл облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11° сууктун тегерегинде болушу күтүлөт, чыгышында кээ бир түндөрү -12…-17° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2° суук…+3° жылуулуктун тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (2-9 мм, чыгышында 14-21 мм).
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -14…-16°, Кочкор районунда -8…-10° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14 градустан -18…-23° суукка чейин, күндүз -6…-11 градустан 0…-5° суукка чейин өзгөрүлүп турат.
Ат-Башы районунда кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -25…-30°, күндүз -12…-17 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (2-9 мм).
Алай өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -15…-17° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -17…-22° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -23…-28 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -7…-12 градустан -1…-6° суукка чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (19-21 мм).
Чаткал өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -12…-14° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18° сууктан -22…-27 градуска чейин, күндүз 0…-5° сууктан -6…-11 градуска чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (36-38 мм).
Суусамыр өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -20…-22° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -18…-23° сууктан -25…-30 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү -32…-37 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы -9…-14° сууктан -2…-7 градуска чейин өзгөрүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (16-18 мм).