БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден курулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.
![Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден курулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден курулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/16/1050866245_0:36:960:640_600x0_80_0_0_ffcc57d6fbe10fb69aebc7806377e9ff.jpg)
![Мекеме бүгүн, 22-декабрда, расмий ачылып, аземге Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келген Мекеме бүгүн, 22-декабрда, расмий ачылып, аземге Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/16/1050866240_0:36:960:640_600x0_80_0_0_063073acf0efa16aaa268a9901a9d3be.jpg)
![Аземге катышкан өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана жалпы өзбек элине ыраазычылык айтып, бул саамалык, кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык, жакын мамилесин дагы бир ирет бекемдегенин белгилешти Аземге катышкан өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана жалпы өзбек элине ыраазычылык айтып, бул саамалык, кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык, жакын мамилесин дагы бир ирет бекемдегенин белгилешти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/16/1050866235_0:36:960:640_600x0_80_0_0_944331d2192e8b98696602735a52225c.jpg)
![Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен тургузулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта бүткөрүлгөн. Ал толугу менен Өзбекстан тарабынан каржыланган. Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен тургузулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта бүткөрүлгөн. Ал толугу менен Өзбекстан тарабынан каржыланган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/16/1050866250_0:36:960:640_600x0_80_0_0_bb243c77a20c6576d2bfc81353bcef06.jpg)
Мекеме бүгүн, 22-декабрда, расмий ачылып, аземге Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келген.
Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен тургузулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта бүткөрүлгөн. Ал толугу менен Өзбекстан тарабынан каржыланган.
Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени салууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулду.