https://sputnik.kg/20201222/osh-tazhikstan-bangizat-1050860574.html
Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды
Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды
Sputnik Кыргызстан
Коңшу өлкөдөн ири өлчөмдө ташылып турган баңгизат каналына бөгөт коюлду. Шектүү колго түшүп, анын шериктерин кармоо аракеттери жүрүп жатат. 22.12.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-12-22T14:16+0600
2020-12-22T14:16+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/16/1050859422_0:154:1089:770_1920x0_80_0_0_46e38a50b8728e6f524de494fc12a1dd.jpg
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/16/1050859422_0:120:1089:804_1920x0_80_0_0_cd106a54d1533d3cd5c6b161e98a7418.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, ош
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, ош
Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды
14:16 22.12.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Коңшу өлкөдөн ири өлчөмдө ташылып турган баңгизат каналына бөгөт коюлду. Шектүү колго түшүп, анын шериктерин кармоо аракеттери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ош облусунда беш килограмм героин алып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тажикстандан ири көлөмдө ташылып турган баңгизат каналы токтотулду.
"Ноябрь айынын аягында Ош облусундагы Нариман айылынан 50 жаштагы М.Ш. аттуу жарандын унаасы токтотулуп, текшерилген. Натыйжада Афганистандан чыккан баңгизаты табылган. Унаанын отургучунун астынан уксус ангидриди жыттанган беш брикет алынды", — дешти ИИМден.
Соттук-химиялык экспертиза табылган баңгизат 5 килограмм 178 граммдык героин экенин аныктаган.
Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп, кылмышка тийиштиги бар башка адамдар дагы изделүүдө.