БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
![Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/17/1050871953_146:0:2835:1690_600x0_80_0_0_32d24bd3643b57e9fcffceb4e461e0c5.jpg)
![Мамытов кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогу мелдешине татыктуу катышып, үч алтын, беш коло байге утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи Мамытов кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогу мелдешине татыктуу катышып, үч алтын, беш коло байге утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/17/1050871959_88:-1:2767:1684_600x0_80_0_0_b63444f396f1761cd1ec2ad10ce7b7ab.jpg)
![Жолугушууга байгелүү орундарды ээлеген спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар катышты Жолугушууга байгелүү орундарды ээлеген спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/17/1050871965_0:0:2836:1782_600x0_80_0_0_f9bcc075fee98b498c4e4b137004fe74.jpg)
![Алтын байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын атынан сүйлөп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн мекендештерге, сүрөөнгө алган күйөрмандарга ыраазычылык билдирди Алтын байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын атынан сүйлөп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн мекендештерге, сүрөөнгө алган күйөрмандарга ыраазычылык билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/17/1050871970_0:0:2812:1875_600x0_80_0_0_202c48455119a2f87607c4437f44b576.jpg)
![Ошондой эле машыктыруучу Нурбек Изабековдун күжүрмөн эмгеги, кыздар күрөшүнө кошкон зор салымы Кыргызстанды бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытканын белгилеп кетти Ошондой эле машыктыруучу Нурбек Изабековдун күжүрмөн эмгеги, кыздар күрөшүнө кошкон зор салымы Кыргызстанды бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытканын белгилеп кетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/17/1050872012_0:0:2835:1783_600x0_80_0_0_c443adee84824d89d1fe74b4d80dabe2.jpg)
![Мамытов президенттик фондунун эсебинен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды. Мамытов президенттик фондунун эсебинен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/17/1050872018_0:0:2835:1783_600x0_80_0_0_e7b8b9dd16ca6528ceff632a4cba3470.jpg)
Мамытов кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогу мелдешине татыктуу катышып, үч алтын, беш коло байге утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи.
"Пандемия жана аны коштогон бир катар кыйынчылыктарга карабастан сиздер тынымсыз машыгуу өткөрүп, үзүрлүү эмгектин натыйжасында мыкты жыйынтык жарата алдыңыздар. Бүтүндөй Кыргызстандын эли сиздерге күйөрмандык кылды. Сиздердин жеңишиңиздер элге дем берди, биз сиздер менен сыймыктанабыз! Бул зор ийгиликтердин башаты деп эсептейм, биздин өлкөнүн желегин дагы далай мелдештерде желбиретесиздер деп ишенем", — деген Мамытов.
Ал ошондой эле ата мекендик спортчулар Токио Олимпиадасында да зор ийгилик жаратат деп үмүттөнөрүн билдирген.
Эркин күрөштөн коло байге уткан Айаал Лазерев шаарда болбогонуна байланыштуу иш-чарага келген жок.
Алтын байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын атынан сүйлөп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн мекендештерге, сүрөөнгө алган күйөрмандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле машыктыруучу Нурбек Изабековдун күжүрмөн эмгеги, кыздар күрөшүнө кошкон зор салымы Кыргызстанды бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытканын белгилеп кетти.
"Жакынкы келечекте Кыргызстандан дагы мыкты спортчулар чыгат деп ишенем, бул үчүн ар бир спортчу талыкпай машыгып, патриот болушу керек", — деген Тыныбекова.
Өз кезегинде Изабеков колдоо көрсөткөнү жана жылуу кабыл алганы үчүн машыктыруучулардын атынан өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Ал спортчуларга Олимпиада оюндарында жеңиштерди каалап, бул үчүн машыктыруучулар бардык күч-аракетин көрөрүн айтты.
Мамытов президенттик фондунун эсебинен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.