Бир нече ай мурда "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясы өкмөткө кайрылып, Кытайдан товарларын алып келе албай жатканын айткан. Андан бери облус жетекчилиги, Тышкы иштер министрлиги жана өкмөттүн деңгээлинде Кытай бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бирок майнап чыга элек.
Бул жөн гана ишкерлердин курулай дооматы эмес. Кытайдан Кыргызстанга чындап эле импорттун көлөмү кескин кыскарганын статистика дагы далилдеди.
Кыргыз өкмөтү чек арадан товар өткөрүү боюнча көйгөйлөргө коронавирус инфекциясынан сактануу чаралары себеп экенин айткан. Бирок ошол эле учурда ЕАЭБге кирген башка мамлекеттерге Кытай товарларды мурдагыдай эле экспорттоп жатат. ЕЭКтин быйылкы жылдын январь-сентябрь айларына карата статистикасында Россия, Беларусь, Арменияга товарлар мурдагыдай эле көлөмдө чыгып жатканын көрүүгө болот. Болгону Казакстанга экспорт кыскарган, бирок биздикиндей 50 пайыздан ашык эмес, 10 гана пайыздын тегерегинде.
Бул эмнеден кабар берет? Абалга коронавирус эмес, башка нерсе себеп болуп жаткан жокпу? Sputnik Кыргызстан редакциясы буга жооп издеп, адистерге кайрылып көрдү.
Экономист Расул Түлеевдин пикиринде, коңшу элдин мындай мамилесине мурдагы өкмөттүн туура эмес аракеттери жана азыркы өкмөттүн ишти жөндөп кете албаганы себеп болууда.
"Кытайды мурдагы бийликтин түшүнүксүз саясаты кыжырлантышы мүмкүн. Мисалы, коронавирус кычап жаткан кезде сооданы токтоткон жокпуз дагы, Кытайда абал турукташып калганда чек араны бир тараптуу жаап алдык. Экинчиден, Ат-Башыга курулчу логистикалык борборду токтотуп койдук. Ооба, чек ара менен жакын, кооптуулугу бар эле. Бирок башка жерди тандап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй койгондуктан, өлкө үчүн өтө маанилүү ири долбоор ишке ашпай калды", — деди экономист.
Анын пикиринде, Кытай Кыргызстан менен мамилени үзүүгө кызыкдар эмес. Анткени биздин өлкө ири держава үчүн Орто Азияга, ЕАЭБдин башка мамлекеттерине чыгууга эң сонун коридор. Бирок азыр бул мүмкүнчүлүктү Казакстан ээлеп калганы турат.
Ал эми саясат таануучу жана эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул кыргызстандык ишкерлердин кыйналып жатканына пандемиядан тышкары биздеги саясий абал себепкер экенин айтат.
"Башкаруу системасындагы башаламандыктан, эч ким жоопкерчиликти албагандыктан Кытай инвесторлору абдан чоң жоготууларга дуушар болушту. Бул акчалай гана жоготуу эмес. Кытай жарандарын коопсуздук маселеси түйшөлтүүдө. Ошондой эле саясат турукташа элек. Ал эми экономика, ишкерлик тынчтыкты сүйөт. Андыктан Кытай башка коңшулары менен мурдагыдай эле иштеп, биз менен иштешүүгө көңүлү жок болуп жатканын көрүп жатабыз", — деди саясат таануучу.
Баса, адистин Кытай ишкерлеринин коопсуздугу боюнча айткандарын коңшулар өздөрү деле тастыктаган. Буга чейин чек аранын ишин жакшыртуу үчүн Кытай өкмөтү Кыргызстанга төрт талап койгон. Тагыраагы, транспорт каражаттарынын техникалык параметрлеринин кынтыксыз болушу керектигин айтып келип, соңунда Кытай компанияларынын Кыргызстандагы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселени коюшкан.
Саясат таануучу азыркы абал бир гана товар алып кирүү эмес, өлкө ичиндеги стратегиялык долбоорлордун дагы токтоп калышына себеп болуп жатканын билдирди.
Ошондой эле ал Кыргызстандын бажы системасындагы коррупциялык иштер коңшулар менен мамилеге көлөкө түшүрүп жатканын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Максат Сабиров президент шайланып, парламенттик шайлоо өтмөйүнчө бир гана Кытай эмес, башка мамлекеттер менен деле мамилебиз оор бойдон кала берет деген пикирде.
"Көп эле өлкөлөр президентиңер, өкмөт башчыңар жок деп ачык айтып жатат. Мындай учурда мамлекет менен иштешүү кимге гана болбосун чоң тобокелдик. Анын үстүнө Кытай компаниялары подрядчы болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, "Датка-Кемин" электр берүү линиясы, негизи эле TBEA компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу кеп болуп келет. Кытай мурдагы бийлик учурунда түзүлгөн келишимдер аткарылабы, эртеңки күн кандай болуп кетет деп ойлонуп жатат", — деди эл өкүлү.
Бажы кызматынын маалыматына караганда, акыркы күндөрү "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан бир күндө 10го чукул автоунаа өтүп жатат. Пандемияга чейин бул көрсөткүч күнүнө 100гө чукулдачу.
Бул учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги абалды жөнгө салуу үчүн аракет көрүп жатканын билдирип келет. Соңку ирет министр Руслан Казакбаев Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен декабрь айынын башында жолугуп, тараптар "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сүйлөшкөн.