БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн, 25-декабрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алды.
Эске салсак, кечээ Ташиев маалымат жыйын учурунда Атамбаевдин ден соолугу начарлагандыктан бүгүн кабар аларын айткан. Ал ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында Атамбаевди ооруканага же башка жайга которуу чечимин кабыл аларын билдирген.
Ташиев бүгүн УКМКнын тергөө абагына барып, Атамбаев кармалып турган жердин шартын караган.
"Атамбаев кармоо шартына эч кандай нааразычылыгы жок экенин, болгону ден соолугунда көйгөй болуп жатканын билдирген", — дешти УКМКдан.
Ташиев Атамбаевдин саламаттыгын текшерүүнү тапшырып, анын жыйынтыгына жараша ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынарын билдирген.