БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында таштанды иргөөчү комплекс курулуп бүтүп, кечээ, 30-декабрда, расмий ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
![Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында таштанды иргөөчү комплекс курулуп бүтүп, кечээ, 30-декабрда, расмий ачылды Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында таштанды иргөөчү комплекс курулуп бүтүп, кечээ, 30-декабрда, расмий ачылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050964443_0:38:3072:1968_600x0_80_0_0_802eb9593bbf67cf540675f5c2e9701e.jpg)
![Таштанды иргөөчү комплекс Россиядан сатып алынып, 2020-жылдын май айында алып келинген Таштанды иргөөчү комплекс Россиядан сатып алынып, 2020-жылдын май айында алып келинген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050964243_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_2fe9eb4f90cdaf35d8117460afd588d1.jpg)
![Пандемияга байланыштуу орнотуу үчүн РФтен адистер келбей, жумуш токтоп калган болчу Пандемияга байланыштуу орнотуу үчүн РФтен адистер келбей, жумуш токтоп калган болчу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050964259_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_6948491693ff1a7da4c73c84c2bd4a80.jpg)
![Ноябрь айында гана иш жанданып, атамекендик адистер россиялык кесиптештери менен онлайн байланыш аркылуу орнотушкан Ноябрь айында гана иш жанданып, атамекендик адистер россиялык кесиптештери менен онлайн байланыш аркылуу орнотушкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050964254_0:39:3072:1969_600x0_80_0_0_e052e73e93a9a95aac1f636463e63e1f.jpg)
![Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы беш миллион 400 миң сомду түздү Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы беш миллион 400 миң сомду түздү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050964264_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_578666c079b6baa48afe45ab7b59d01f.jpg)
Таштанды иргөөчү комплекс Россиядан сатып алынып, 2020-жылдын май айында алып келинген. Пандемияга байланыштуу орнотуу үчүн РФтен адистер келбей, жумуш токтоп калган болчу. Ноябрь айында гана иш жанданып, Балыкчы шаардык көрктөндүрүү жана санитардык тазалык ишканасынын кызматкерлери Россиядагы комплексти саткан организациянын адистери менен орнотушкан.
Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы беш миллион 400 миң сомду түздү. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 миң сом бөлүнүп, комплекстин ангары жасалган.
"Алгач комплексти курууну Балыкчы шаардык көрктөндүрүү жана санитардык тазалык мекемесинин башчысы Марат Таржиев демилгелеп чыккан. Аталган мини завод жылына 20 тонна таштанды иргөө кубаттуулугуна ээ. Долбоордун алкагында жети жаңы жумуш орду түзүлөт, башкы максат шаардын, облустун экологиялык коопсуздугун алдын алуу, тазалыгын камсыздоо болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө объект толук кандуу бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Аталган комплекс шаар сыртындагы таштанды полигонунда салынды. Алдыда таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод куруу максаты коюлууда. Анын наркы 16 миллион сом болору болжолдонуп жатат.