Бул ирет белгилүү режиссёр Дооронбек Садырбаевдин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде тарткан "Акбаранын көз жашы" фильмине кайрылдык.
Кинокартина негизинен Алайдагы Жошолу тоолорунда жана Казакстандын талааларында тартылып, анын сценарийин Дооронбек Садырбаев жазып, операторлук кызматты Евгений Барышников менен Айбек Жангазиев аткарган.
Кинокартинада Советбек Жумадылов, Рахиля Машурова, Жамал Сейдакматова, Дүйшөн Байдөбөтов, Арсен Өмүралиев, Назира Мамбетова, Альгимантас Видугирис, Бусурман Одуракаев, Турсун Уралиев өз ролдорун ийине жеткире аткарган.
Дооронбек Садырбаевдин эмгеги Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгына карата тартылып, ага жарым жылдай убакыт жана 300 миң рублге чукул каражат кеткен. Кийин Ош, Фрунзе, Москвадагы кинотеатрларда көрсөтүлүп, залда бош орун калган эмес дешет.
![Фильмге тартылган эки карышкыр Москва шаарындагы зоологиялык базадан алып келинген Фильмге тартылган эки карышкыр Москва шаарындагы зоологиялык базадан алып келинген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050960307_0:0:2414:1674_600x0_80_0_1_b33d8522f934354a181544efcbd39c09.jpg)
![Башкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова) Башкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050960314_0:0:2000:1524_600x0_80_0_1_0b27c6db01379c3a837ed3ca504e7e1d.jpg)
![Алайдын бийик тоолорунда иштеген киночулар Алайдын бийик тоолорунда иштеген киночулар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050960320_0:0:2200:1845_600x0_80_0_1_67e5cfc0070400c9d7251d2f1fc371ff.jpg)
![Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Рахиля Машурова боз үйдө чай ичип отурган учуру Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Рахиля Машурова боз үйдө чай ичип отурган учуру - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/09/1050724667_0:0:2200:1612_600x0_80_0_1_7deb9587834e8e53dd70c629d656f08e.jpg)
![Акбаранын көз жашында бөлтүрүктөрдү уурдап кеткен Базарбай Акбаранын көз жашында бөлтүрүктөрдү уурдап кеткен Базарбай - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104060/86/1040608692_0:0:2200:1502_600x0_80_0_1_e670f79f65eec588b709ef603ced7f18.jpg)
![Камерага түшкөн жырткыч жаныбарлар дайыма адистердин коштоосунда болгон Камерага түшкөн жырткыч жаныбарлар дайыма адистердин коштоосунда болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050960332_0:0:2200:1717_600x0_80_0_1_4acfe075084c13b27c841680b99cdab3.jpg)
![Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050960339_0:0:2000:1444_600x0_80_0_1_3b034d52e070f309769e6f6e1dae64c0.jpg)
![Мамлекеттик кызматкерлердин алдында элдин, жаратылыштын таламын талашкан Бостон Мамлекеттик кызматкерлердин алдында элдин, жаратылыштын таламын талашкан Бостон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050960344_0:0:2200:1635_600x0_80_0_1_7c48ae938c24e2c967e690bf8265228e.jpg)
![Фильм негизинен Ош облусунда жана Казакстандын талааларында тартылган Фильм негизинен Ош облусунда жана Казакстандын талааларында тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050960350_0:0:2000:1568_600x0_80_0_1_1fd349d15db2b4ee9721dcba6e17702a.jpg)
![Бостон жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде Бостон жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050960365_0:0:2200:1735_600x0_80_0_1_83e6f77db8057de0d71e0e4be2ef8c68.jpg)
![Киши колдуу болгон Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана аны жоктогон келинчеги Киши колдуу болгон Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана аны жоктогон келинчеги - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104239/83/1042398375_0:0:1600:1492_600x0_80_0_1_89b6a67d4d588448ef74aa2d5e4cd242.jpg)