https://sputnik.kg/20210101/mulkun-deklaratsiyaloo-kol-tiybestik-miyzamy-1050961909.html
Мүлкүн ачыктагандарга кол тийбестик макамын берүү мыйзамы күчүнө кирди
Мүлкүн ачыктагандарга кол тийбестик макамын берүү мыйзамы күчүнө кирди
Sputnik Кыргызстан
Көмүскөдөгү мүлктү ачыкка чыгаруу максатында жасалган саамалыктын мөөнөтү туура бир жылды түзөт. Бул учурда декларантка кол тийбестик макамы берилет. 01.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-01T09:17+0600
2021-01-01T09:17+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
декларация
мүлк
кол тийбестик
мыйзам
https://sputnik.kg/img/103791/61/1037916110_235:1087:5148:3851_1920x0_80_0_0_3ef6631e0c07f1d4d13cc1ef1e1e621d.jpg
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бүгүндөн тарта "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирди.Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 5-ноябрында кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 9-декабрда кол койгон.Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2021-жылдын январынан 31-декабрына чейин. Декларант бул мезгил ичинде ушул мыйзамдын талаптарына ылайык, ыктыярдуу декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алат.Мыйзамдын негизги максаты — мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу. Декларациялануучу мүлктүн жана анын ээсинин кол тийбестигине кепилдиктерди белгилөө жана мүлк менен кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинин купуялуулугун сактоо болуп саналат.Ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келери айтылат.Кирешелерди жана мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жалпы декларациялоого өткөнгө чейинки даярдык этабынын бир бөлүгү болуп саналат.Ыктыярдуу декларациялоо үчүн мыйзамда төмөнкү милдеттенмелер белгиленген:
https://sputnik.kg/20201223/zhk-ekonomikalyk-munapys-miyzam-kabyl-aldy-1050870750.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103791/61/1037916110_317:0:5452:3851_1920x0_80_0_0_f86fe20bf956da5b6f110fb0c17f2df4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, декларация, мүлк, кол тийбестик, мыйзам
жаңылыктар, коом, кыргызстан, декларация, мүлк, кол тийбестик, мыйзам
Мүлкүн ачыктагандарга кол тийбестик макамын берүү мыйзамы күчүнө кирди
09:17 01.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Көмүскөдөгү мүлктү ачыкка чыгаруу максатында жасалган саамалыктын мөөнөтү туура бир жылды түзөт. Бул учурда декларантка кол тийбестик макамы берилет.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бүгүндөн тарта "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирди.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 5-ноябрында кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 9-декабрда кол койгон.
Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2021-жылдын январынан 31-декабрына чейин. Декларант бул мезгил ичинде ушул мыйзамдын талаптарына ылайык, ыктыярдуу декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алат.
23 Бештин айы 2020, 13:30
Мыйзамдын негизги максаты — мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу. Декларациялануучу мүлктүн жана анын ээсинин кол тийбестигине кепилдиктерди белгилөө жана мүлк менен кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинин купуялуулугун сактоо болуп саналат.
Ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келери айтылат.
Кирешелерди жана мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жалпы декларациялоого өткөнгө чейинки даярдык этабынын бир бөлүгү болуп саналат.
Ыктыярдуу декларациялоо үчүн мыйзамда төмөнкү милдеттенмелер белгиленген:
- декларациянын бланкынын наркын төлөө;
- нотариалдык иштер үчүн мамлекеттик алымдарды төлөө;
- Эгерде ыктыярдуу декларациялоо объектилеринин наркынын суммасы декларациялык босогодон ашып кетсе (70 миллион сомдон):
- декларациялоо объектисинин наркынан бир пайыз өлчөмүндөгү акча каражатын киргизет;
- же жети жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик баалуу кагаздарды декларациялоо объектисинин наркынын 10 пайызына туура келген каражатка сатып алат. Ал үчүн жылына 5 пайыздык киреше көрөт.