https://sputnik.kg/20210103/kyrgyzstanda-kriptovalyuta-almashtyruu-zhajy-1050981017.html
Кыргызстанда криптовалюта алмаштыруу жайын ачуу сунушталууда
Кыргызстанда криптовалюта алмаштыруу жайын ачуу сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк белгилегендей, Кыргызстанда калктын криптовалютага инвестициялоо каражатынын бир түрү катары кызыгуу артканы байкалууда. 03.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-03T13:15+0600
2021-01-03T13:15+0600
2021-12-15T22:48+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
криптовалюта
улуттук банк
мыйзам
https://sputnik.kg/img/07e5/01/03/1050980471_0:270:3072:2008_1920x0_80_0_0_07391f2f975638ab4e57d682287a1e40.jpg
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Улуттук банк өлкөдө криптовалютанын айлануусун жөнгө салып туруучу эки мыйзам долбоорун иштеп чыкты.Мыйзам долбоорлору криптовалюталарды жүгүртүү, алмаштыруу боюнча укуктук негизди түзүү максатында иштелип чыккан.Мындан тышкары, акча каражатынын изин жашырууга каршы күрөшүү, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктерин төмөндөтүү максатын көздөйт.Улуттук банк белгилегендей, Кыргызстанда калктын криптовалютага инвестициялоо каражатынын бир түрү катары кызыгуу артканы байкалууда.Мындан тышкары, криптовалюта рыногу өнүгүп, финансы түзүмдөрүнө жайыла баштады, тактап айтканда, көбүнчө электрондук коммерцияга колдонулуп жатат. Мындай шартта, жок дегенде, төмөнкү көйгөйлөр орун алат:Ошондой эле документте юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин укуктарын чектөө каралган. Мында криптовалюталарды алмаштыруу операторлору, майнинг менен алектенген адамдар жана жарандар эске алынбайт.Криптовалюталарды сатып алуу жана аларды тескөө укугуна жеке адамдар гана ээ болушат.Экинчи мыйзам долбоору:КР жарандык кодексине "Виртуалдык актив" түшүнүгү киргизилет. Ал электрондук санарип формасында түзүлгөн маалыматтардын жыйындысы, буга криптовалюта жана башка криптоактивдер кирет;
https://sputnik.kg/20200805/kyrgyzstanda-majning-fermalar-salyk-tolojt-1049223436.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/03/1050980471_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_76255db2b5242448adcc4375d01628ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, криптовалюта, улуттук банк, мыйзам
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, криптовалюта, улуттук банк, мыйзам
Кыргызстанда криптовалюта алмаштыруу жайын ачуу сунушталууда
13:15 03.01.2021 (Жаңыртылды: 22:48 15.12.2021) Улуттук банк белгилегендей, Кыргызстанда калктын криптовалютага инвестициялоо каражатынын бир түрү катары кызыгуу артканы байкалууда.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Улуттук банк өлкөдө криптовалютанын айлануусун жөнгө салып туруучу эки мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Мыйзам долбоорлору криптовалюталарды жүгүртүү, алмаштыруу боюнча укуктук негизди түзүү максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары, акча каражатынын изин жашырууга каршы күрөшүү, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктерин төмөндөтүү максатын көздөйт.
Улуттук банк белгилегендей, Кыргызстанда калктын криптовалютага инвестициялоо каражатынын бир түрү катары кызыгуу артканы байкалууда.
Мындан тышкары, криптовалюта рыногу өнүгүп, финансы түзүмдөрүнө жайыла баштады, тактап айтканда, көбүнчө электрондук коммерцияга колдонулуп жатат. Мындай шартта, жок дегенде, төмөнкү көйгөйлөр орун алат:
- технологияны жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнүн жоктугу;
- алдамчылык схемаларынын пайда болушу, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктери, ошондой эле капиталдын агылып чыгышы;
- керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укуктарын коргоо.
Биринчи мыйзам долбоорунда криптовалюталарды жүгүртүүнүн негизги жоболору каралган. Мисалы, терминдер, аныктамалар, криптовалюта рыногунун катышуучулары, жүгүртүү жана алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн иши жөнгө салынат.
Ошондой эле документте юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин укуктарын чектөө каралган. Мында криптовалюталарды алмаштыруу операторлору, майнинг менен алектенген адамдар жана жарандар эске алынбайт.
Криптовалюталарды сатып алуу жана аларды тескөө укугуна жеке адамдар гана ээ болушат.
КР жарандык кодексине "Виртуалдык актив" түшүнүгү киргизилет. Ал электрондук санарип формасында түзүлгөн маалыматтардын жыйындысы, буга криптовалюта жана башка криптоактивдер кирет;
- КРдин Салык кодексине криптовалюта алмаштыруу операторлоруна акча алмаштыруу жайларындай эле патенттин негизинде салык салуу;
- криптовалюта алмаштыруу операторлоруна лицензия берүү.