https://sputnik.kg/20210105/2021-zhyldagy-negizgi-tobokeldikter-ataldy-1050995126.html
Климат, вакцина... 2021-жылы элдин тынчын алчу негизги 10 кооптуулук аталды
Климат, вакцина... 2021-жылы элдин тынчын алчу негизги 10 кооптуулук аталды
Sputnik Кыргызстан
Тизмеге Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы мамиленин мындан ары да чыңалышы жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кызматтан кетиши да кирген. 05.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-05T10:28+0600
2021-01-05T10:28+0600
2021-12-22T23:16+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
коом
көйгөй
пандемия
экономика
https://sputnik.kg/img/07e5/01/05/1050994902_0:0:2968:1680_1920x0_80_0_0_fbf364c62cd15f522d70d81396337fd7.jpg
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Eurasia Group консалтингдик компаниясы өзүнүн божомолунда дүйнө жүзү 2021-жылы туш боло турган бир нече тобокелдиктин рейтингин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Тизмеде биринчи сапты "бөлүнгөн Америка" ээлейт. Аналитиктер белгилегендей, Жо Байдендин бийликке келиши менен америкалыктардын теңи мамлекет башчыларын легитимсиз деп эсептеген доор келет.Быйылкы жылдын экинчи негизги коркунучу — COVID-19 пандемиясы. Эксперттердин айтымында, эмдөөнүн фонунда коомдун бай жана кедей болуп бөлүнүшү күчөп, көптөгөн өлкөлөрдө башаламандык болушу мүмкүн.Адистер үчүнчү сапка климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү жайгаштырган. Аналитиктердин айтымында, бул эл аралык атаандаштыкка алып келет.Eurasia Group компаниясынын версиясы боюнча, жылдын негизги тобокелдиктерине Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы мамиленин мындан ары да чыңалышы, маалыматтарды эл аралык форматта өткөрүп берүүдөгү кыйынчылыктар, санарип мейкиндигинде глобалдык чыр-чатактын чыгышы, Түркиядагы экономикалык көйгөйлөр жана анын саясий кесепеттерин шарттоочу жагдайлар кирген.Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө мунай заттын арзандашы менен экономиканын төмөндөшү, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кызматтан кетиши, ошондой эле Латын Америкасындагы айрым мамлекеттердин пандемия жана шайлоолорго байланыштуу саясий жана социалдык кризиске кептелиши глобалдык көйгөйгө айланышы ыктымал.
https://sputnik.kg/20200821/bill-gejts-koronavirustan-bashka-bezgek-tuuraluu-1049380305.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/05/1050994902_0:0:2968:1866_1920x0_80_0_0_e3c6b8084bd931ed7bb61e4925f4a332.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, коом, көйгөй, пандемия, экономика
жаңылыктар, дүйнөдө, коом, көйгөй, пандемия, экономика
Климат, вакцина... 2021-жылы элдин тынчын алчу негизги 10 кооптуулук аталды
10:28 05.01.2021 (Жаңыртылды: 23:16 22.12.2021) Тизмеге Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы мамиленин мындан ары да чыңалышы жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кызматтан кетиши да кирген.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Eurasia Group консалтингдик компаниясы өзүнүн божомолунда дүйнө жүзү 2021-жылы туш боло турган бир нече тобокелдиктин рейтингин жарыялады. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Тизмеде биринчи сапты "бөлүнгөн Америка" ээлейт. Аналитиктер белгилегендей, Жо Байдендин бийликке келиши менен америкалыктардын теңи мамлекет башчыларын легитимсиз деп эсептеген доор келет.
Быйылкы жылдын экинчи негизги коркунучу — COVID-19 пандемиясы. Эксперттердин айтымында, эмдөөнүн фонунда коомдун бай жана кедей болуп бөлүнүшү күчөп, көптөгөн өлкөлөрдө башаламандык болушу мүмкүн.
Адистер үчүнчү сапка климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү жайгаштырган. Аналитиктердин айтымында, бул эл аралык атаандаштыкка алып келет.
Eurasia Group компаниясынын версиясы боюнча, жылдын негизги тобокелдиктерине Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы мамиленин мындан ары да чыңалышы, маалыматтарды эл аралык форматта өткөрүп берүүдөгү кыйынчылыктар, санарип мейкиндигинде глобалдык чыр-чатактын чыгышы, Түркиядагы экономикалык көйгөйлөр жана анын саясий кесепеттерин шарттоочу жагдайлар кирген.
Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө мунай заттын арзандашы менен экономиканын төмөндөшү, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кызматтан кетиши, ошондой эле Латын Америкасындагы айрым мамлекеттердин пандемия жана шайлоолорго байланыштуу саясий жана социалдык кризиске кептелиши глобалдык көйгөйгө айланышы ыктымал.