https://sputnik.kg/20210112/zher-asteroid-korkunuch-nasa-1051075735.html
Жерге коркунуч жараткан астероид жакындап келе жатат
Жерге коркунуч жараткан астероид жакындап келе жатат
Sputnik Кыргызстан
Анын планетага эң жакын келген маалы 14-январга караган түнгө туура келет. Ал Түндүк жарым шардын орто түздүктөрүнөн көбүрөөк байкалат. 12.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-12T08:48+0600
2021-01-12T08:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
астероид
жер
космос
наса
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/06/1050346170_0:288:3077:2018_1920x0_80_0_0_69e75a50ff0b51aeb1a4ba6f830b637e.jpg
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жакынкы эки күндүн ичинде Жерден болжол менен сегиз миллион чакырым аралыктан коркунуч жараткан 2020 WU5 астероиди учуп өтөт. Анын орбитасынын траекториясы NASA реактивдүү кыймыл лабораториясынын сайтында айтылганын РИА Новости жазды.2020 WU5 астероиди өткөн жылдын 29-ноябрында NEOWISE (Wide-Field Infrared Survey Explorer) космостук телескобу тарткан сүрөттөрдө байкалган. 4-декабрда ал Эл аралык астрономиялык бирлигинин (IAU) Электрондук кичи планета циркулярына киргизилген.Бул асман телосу Жерге жакын объект болуп саналган "Аполлондор" тобуна кирип, орбиталары Жерди сырт тарабынан кесип өтөт. Окумуштуулардын белгилөөсү боюнча, анын диаметри 0,5тен 1,1 чакырымга чейин деп болжолдонууда.Астероиддин Жерге эң жакын келген убактысы 14-январга караган түнгө туура келет. Аны Түндүк жарым шардын орто түздүктөрүнөн байкоого жакшы шарт бар. Астрономиялык объектини 200 миллиметр же андан ашык диаметрдеги объективи бар телескоптор аркылуу көрүүгө болот.Ар кандай эсептөөлөргө ылайык, Жерден 8,1ден 7,5 миллион чакырым аралыктан өткөнү менен ал коркунучтуу астероиддердин катарына кирүүдө.
https://sputnik.kg/20201202/ilon-mask-adam-balasyn-marska-kachan-zhonotorun-aytty-1050634972.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/06/1050346170_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_900dc9f52f5ff08adf77c683b8242fb4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, астероид, жер, космос, наса
жаңылыктар, коом, кыргызстан, астероид, жер, космос, наса
Жерге коркунуч жараткан астероид жакындап келе жатат
08:48 12.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Анын планетага эң жакын келген маалы 14-январга караган түнгө туура келет. Ал Түндүк жарым шардын орто түздүктөрүнөн көбүрөөк байкалат.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жакынкы эки күндүн ичинде Жерден болжол менен сегиз миллион чакырым аралыктан коркунуч жараткан 2020 WU5 астероиди учуп өтөт. Анын орбитасынын траекториясы NASA реактивдүү кыймыл лабораториясынын сайтында айтылганын
РИА Новости жазды.
2020 WU5 астероиди өткөн жылдын 29-ноябрында NEOWISE (Wide-Field Infrared Survey Explorer) космостук телескобу тарткан сүрөттөрдө байкалган. 4-декабрда ал Эл аралык астрономиялык бирлигинин (IAU) Электрондук кичи планета циркулярына киргизилген.
Бул асман телосу Жерге жакын объект болуп саналган "Аполлондор" тобуна кирип, орбиталары Жерди сырт тарабынан кесип өтөт. Окумуштуулардын белгилөөсү боюнча, анын диаметри 0,5тен 1,1 чакырымга чейин деп болжолдонууда.
Астероиддин Жерге эң жакын келген убактысы 14-январга караган түнгө туура келет. Аны Түндүк жарым шардын орто түздүктөрүнөн байкоого жакшы шарт бар. Астрономиялык объектини 200 миллиметр же андан ашык диаметрдеги объективи бар телескоптор аркылуу көрүүгө болот.
Ар кандай эсептөөлөргө ылайык, Жерден 8,1ден 7,5 миллион чакырым аралыктан өткөнү менен ал коркунучтуу астероиддердин катарына кирүүдө.