https://sputnik.kg/20210115/meriya-investorlor-bishkek-zhany-marshruttar-avtobus-satyp-aluu-chakyryk-1051117317.html
Мэрия инвесторлорду Бишкектеги жаңы каттамга автобус сатып берүүгө чакырат
Мэрия инвесторлорду Бишкектеги жаңы каттамга автобус сатып берүүгө чакырат
Sputnik Кыргызстан
Инвесторлорго мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн алкагында шаардыктарды тейлөөчү автобустарды сатып берүү сунушталууда. 15.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-15T13:49+0600
2021-01-15T13:49+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
пресс-борбор
бишкек
автобус
каттам
инвестор
чакырык
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0f/1051117270_0:291:3073:2019_1920x0_80_0_0_0eb8a8cc966a7cfced7981b60d1145c0.jpg
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Муниципалитетте каражат жетишсиз болгондуктан мэрия ишкерлерге мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жаңы каттамдар үчүн автобустарды сатып алуу боюнча кайрылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде мэриянын транспорт маселелери боюнча координатору Улан Бейшенбаев билдирди. Ал газ жана электр менен жүрүүчү экологиялык жактан таза автобустарга артыкчылык берилерин белгиледи.Бейшенбаев ошондой эле мэрия менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирген ишкерлер боло электигин да белгиледи.Буга чейин баш калаанын транспорттук кызматкерлери инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишим түзүү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын схемасын ачуу боюнча долбоор иштеп чыгышкан.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0f/1051117270_165:0:2896:2048_1920x0_80_0_0_a90d2ddc73ac48b17cdb47b24bbbf2da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, автобус, каттам, инвестор, чакырык
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, автобус, каттам, инвестор, чакырык
Мэрия инвесторлорду Бишкектеги жаңы каттамга автобус сатып берүүгө чакырат
13:49 15.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Инвесторлорго мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн алкагында шаардыктарды тейлөөчү автобустарды сатып берүү сунушталууда.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Муниципалитетте каражат жетишсиз болгондуктан мэрия ишкерлерге мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жаңы каттамдар үчүн автобустарды сатып алуу боюнча кайрылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде мэриянын транспорт маселелери боюнча координатору Улан Бейшенбаев билдирди.
Ал газ жана электр менен жүрүүчү экологиялык жактан таза автобустарга артыкчылык берилерин белгиледи.
"Биз ишкерлерге мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында шаарга элди ташыган автобустарды сатып бергиле деп кайрылабыз. Айрым талаптар бар: автобустун узундугу 10 метрден ашпашы керек, алар майып адамдарды ташууга да ыңгайлашкан болушу зарыл", — деди ал.
Бейшенбаев ошондой эле мэрия менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирген ишкерлер боло электигин да белгиледи.
Буга чейин баш калаанын транспорттук кызматкерлери инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишим түзүү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын схемасын ачуу боюнча долбоор иштеп чыгышкан.