https://sputnik.kg/20210116/omurdu-uzarta-turchu-adat-1051124867.html
Өмүрдү узартууга өбөлгө болчу адат аталды
Өмүрдү узартууга өбөлгө болчу адат аталды
Sputnik Кыргызстан
Медитация — тынч отуруп алып мээни тазалап оюн иретке келтирүү жана дем алууну көзөмөлдөө. 16.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-16T09:06+0600
2021-01-16T09:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
медитация
изилдөө
илимпоз
жашоо
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0f/1051124833_0:310:3072:2048_1920x0_80_0_0_eb64409edb1800fd97c1514ee124e59e.jpg
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Күн сайын медитация кылуу адам өмүрүн узартууну шарттайт. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып РИА Новости билдирген.Медитация — адамдын тынч отуруп алып мээни тазалап, оюн иретке келтирүү жана дем алууну көзөмөлдөө.Адистер 66 жаштан 81 жашка чейинки ыктыярчыларды тандап алып эксперимент жүргүзгөн. Алардын жарымына күн сайын 15-20 мүнөттөн өздөрүнө ыңгайлуу отуруп алып медитация кылуу тапшырмасын беришкен.Үч ай өткөндөн кийин катышуучулардын кан басымы орточо көрсөткүчтөн бир топ төмөндөгөнү белгилүү болгон. Башка топтогулардан мындай нерсе байкалган эмес.Мындан тышкары, изилдөө маалында биринчи тайпанын катышуучуларынын жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар 30 пайызга төмөн деп бааланган.Илимпоздордун айтымында, күн сайын медитация жасоо стрессти, коркуу сезимин азайтат. Муну менен адам өмүрү узак болору белгиленди.
https://sputnik.kg/20200925/dalaj-lama-achuu-kantip-zhense-bolorun-ajtyp-berdi-1049731247.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0f/1051124833_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_84a8a1835c627341785911c7243ae6e7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, медитация, изилдөө, илимпоз, жашоо
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, медитация, изилдөө, илимпоз, жашоо
Өмүрдү узартууга өбөлгө болчу адат аталды
09:06 16.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Медитация — тынч отуруп алып мээни тазалап оюн иретке келтирүү жана дем алууну көзөмөлдөө.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Күн сайын медитация кылуу адам өмүрүн узартууну шарттайт. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып
РИА Новости билдирген.
Медитация — адамдын тынч отуруп алып мээни тазалап, оюн иретке келтирүү жана дем алууну көзөмөлдөө.
Адистер 66 жаштан 81 жашка чейинки ыктыярчыларды тандап алып эксперимент жүргүзгөн. Алардын жарымына күн сайын 15-20 мүнөттөн өздөрүнө ыңгайлуу отуруп алып медитация кылуу тапшырмасын беришкен.
Үч ай өткөндөн кийин катышуучулардын кан басымы орточо көрсөткүчтөн бир топ төмөндөгөнү белгилүү болгон. Башка топтогулардан мындай нерсе байкалган эмес.
Мындан тышкары, изилдөө маалында биринчи тайпанын катышуучуларынын жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар 30 пайызга төмөн деп бааланган.
Илимпоздордун айтымында, күн сайын медитация жасоо стрессти, коркуу сезимин азайтат. Муну менен адам өмүрү узак болору белгиленди.