https://sputnik.kg/20210119/kylych-sarkarbaev-uy-kamagyna-chykty-1051156309.html
Сот Кылыч Саркарбаев үй камагына чыгарылганын тастыктады
Сот Кылыч Саркарбаев үй камагына чыгарылганын тастыктады
Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылдын 21-декабрында Саркарбаевдин баш коргоо чарасы тандалып, эки айга тергөө абагына киргизилген болчу. 19.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-19T11:42+0600
2021-01-19T11:42+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
сот
чара
өзгөртүүлөр
укмк
кылычбек саркарбаев
https://sputnik.kg/img/103643/85/1036438520_0:18:6016:3402_1920x0_80_0_0_03b91b3307f62fbe6586130b77fc6ed7.jpg
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга тергөө абагына киргизген.Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен өткөн жылдын 27-декабрында кармалган.УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.
https://sputnik.kg/20210114/rayym-matraimovdun-okul-balasy-uy-kamagyna-chykty-1051101987.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103643/85/1036438520_408:0:5763:4016_1920x0_80_0_0_1ac8a949049809af514705a71ec97cca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, сот, чара, өзгөртүүлөр, укмк, кылычбек саркарбаев
жаңылыктар, коом, кыргызстан, сот, чара, өзгөртүүлөр, укмк, кылычбек саркарбаев
Сот Кылыч Саркарбаев үй камагына чыгарылганын тастыктады
11:42 19.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Өткөн жылдын 21-декабрында Саркарбаевдин баш коргоо чарасы тандалып, эки айга тергөө абагына киргизилген болчу.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы
Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.
Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга
тергөө абагына киргизген.
Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен өткөн жылдын
27-декабрында кармалган.
УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.
Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.
Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.