https://sputnik.kg/20210120/tokoychu-elik-muyuz-chyrmalysh-bir-ok-kutkaruu-video-1051167305.html
Токойчу мүйүздөрү чырмалган эки эликти бир ок менен куткарды. Видео
Токойчу мүйүздөрү чырмалган эки эликти бир ок менен куткарды. Видео
Sputnik Кыргызстан
АКШлык токойчу сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, бири-биринен бошоно албай калган эки эликти бир ок менен таамай атып бошотту. 20.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-20T12:46+0600
2021-01-20T12:46+0600
2021-12-26T13:12+0600
дүйнөдө
видео
мультимедиа
видеоклуб
коом
токойчу
элик
ок атуу
куткаруу
окуялар
https://sputnik.kg/img/07e5/01/13/1051163434_4:0:1278:720_1920x0_80_0_0_45029796842fd832e096652d8b6a7cb3.jpg
Канзастын жаныбарлар коругунда аңчы мүйүздөрү менен бекем чырмалышкан эки эликти байкаган. Бул тууралуу Fox23 жарыялады.Күбөлөрдүн айтымында, жаныбарлар сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, экөө такыр ажырай албай калган. Бири бошонууга аракет жасаса, экинчисин тартып кеткен. Аңчы жергиликтүү мергенчилик боюнча башкармалыкка кайрылып, токойчулар жардамга келишкен.Алар аркан жана керектүү шаймандарды алып, аралыктан туруп эликтерди бири-биринен ажыратууга аракет жасашкан, бирок андан майнап чыккан эмес.Жефф Клоузер аттуу кызматкер жаныбарлар токойчулардан үркүп качпашы үчүн алардын мүйүзүнө төшөнчөнү ыргытып, көзүн жапкан. Эликтер качпай, бир саамга тыным алып калган учурда рейнжер бир ок менен кайчылашкан мүйүзгө таамай аткан.Жаныбардын мүйүзүнүн учу сынып түшүп, алар чырмалышкан жеринен заматта бошонгон. Жаныбарлар октон жабыркаган эмес.
https://sputnik.kg/20210116/tushtuk-afrikadagy-bosh-tamda-tartylgan-video-1051124441.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/13/1051163434_68:0:1214:720_1920x0_80_0_0_f1a0e4d4e5831733a6e78fb369786060.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, видео, мультимедиа, видеоклуб, коом, токойчу, элик, ок атуу, куткаруу, окуялар
дүйнөдө, видео, мультимедиа, видеоклуб, коом, токойчу, элик, ок атуу, куткаруу, окуялар
Токойчу мүйүздөрү чырмалган эки эликти бир ок менен куткарды. Видео
12:46 20.01.2021 (Жаңыртылды: 13:12 26.12.2021) АКШлык токойчу сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, бири-биринен бошоно албай калган эки эликти бир ок менен таамай атып бошотту.
Канзастын жаныбарлар коругунда аңчы мүйүздөрү менен бекем чырмалышкан эки эликти байкаган. Бул тууралуу
Fox23 жарыялады.
Күбөлөрдүн айтымында, жаныбарлар сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, экөө такыр ажырай албай калган. Бири бошонууга аракет жасаса, экинчисин тартып кеткен. Аңчы жергиликтүү мергенчилик боюнча башкармалыкка кайрылып, токойчулар жардамга келишкен.
Алар аркан жана керектүү шаймандарды алып, аралыктан туруп эликтерди бири-биринен ажыратууга аракет жасашкан, бирок андан майнап чыккан эмес.
Жефф Клоузер аттуу кызматкер жаныбарлар токойчулардан үркүп качпашы үчүн алардын мүйүзүнө төшөнчөнү ыргытып, көзүн жапкан. Эликтер качпай, бир саамга тыным алып калган учурда рейнжер бир ок менен кайчылашкан мүйүзгө таамай аткан.
Жаныбардын мүйүзүнүн учу сынып түшүп, алар чырмалышкан жеринен заматта бошонгон. Жаныбарлар октон жабыркаган эмес.