https://sputnik.kg/20210122/kyrgyzstan-2020-zhyl-bala-torot-korsotkuch-az-1051192504.html
Кыргызстанда былтыр ымыркайлар аз төрөлдү. Статистика
Кыргызстанда былтыр ымыркайлар аз төрөлдү. Статистика
Sputnik Кыргызстан
2019-жылы республика боюнча 173 601 наристе жарык дүйнөгө келген. Ал эми каза тапкандар салыштырмалуу арбын катталган. 22.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-22T13:46+0600
2021-01-22T13:46+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бала
төрөт
күбөлүк
каттоо кызматы
https://sputnik.kg/img/103752/03/1037520310_0:576:5479:3658_1920x0_80_0_0_0cda4009b2ca280b4acb39ff13189971.jpg
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы төрөлгөн ымыркайлардын саны салыштырмалуу азайып, ал эми көз жумгандар көбөйгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.Маалыматка караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 158 174 ымыркай төрөлгөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 15 427ге аз.Ал эми өткөн жылы республикада 40 001 өлүм катталса, 2019-жылы 33 317 адам көз жумган. Каза тапкандар салыштырмалуу 6 684кө көп болууда.Маалымат үчүн:Ата-энесинин (атасынын же энесинин) өздөрүнүн инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда кандай болот?Ымыркайдын төрөлгөнүн каттоого алуу туулгандыгы боюнча актынын көчүрмөсү менен туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.Бул көчүрмө ата-энесинин (атасы же энеси) инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөн учурга чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун камсыз кылуучу документ менен теңдештирилет.Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү атасы же энесинин алардын инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөндө берилет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103752/03/1037520310_301:0:5178:3658_1920x0_80_0_0_d5de5ec0258a9354b230545cf104e83a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бала, төрөт, күбөлүк, каттоо кызматы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бала, төрөт, күбөлүк, каттоо кызматы
Кыргызстанда былтыр ымыркайлар аз төрөлдү. Статистика
13:46 22.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) 2019-жылы республика боюнча 173 601 наристе жарык дүйнөгө келген. Ал эми каза тапкандар салыштырмалуу арбын катталган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы төрөлгөн ымыркайлардын саны салыштырмалуу азайып, ал эми көз жумгандар көбөйгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 158 174 ымыркай төрөлгөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 15 427ге аз.
Ал эми өткөн жылы республикада 40 001 өлүм катталса, 2019-жылы 33 317 адам көз жумган. Каза тапкандар салыштырмалуу 6 684кө көп болууда.
- "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамга ылайык, баланын туулгандыгы тууралуу арыз бала төрөлгөн күндөн бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш;
- Баланын туулгандыгын каттоого алуу ымыркай төрөлгөн медициналык уюм тарабынан белгиленген үлгүдө берилген маалым кат аркылуу жүргүзүлөт;
- Бала үйдө төрөлгөндө дарыгер же медициналык башка кызматкер, Саламаттык сактоо министрлигинин ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалым кат менен каттоого алынат;
- Баланын ата-энесинин алардын инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер) негизинде жүргүзүлөт.
Ата-энесинин (атасынын же энесинин) өздөрүнүн инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда кандай болот?
Ымыркайдын төрөлгөнүн каттоого алуу туулгандыгы боюнча актынын көчүрмөсү менен туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Бул көчүрмө ата-энесинин (атасы же энеси) инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөн учурга чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун камсыз кылуучу документ менен теңдештирилет.
Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү атасы же энесинин алардын инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөндө берилет.