https://sputnik.kg/20210124/izdelgen-ayal-soogu-tabyldy-1051210780.html
Баткен: эки айдан бери изделген аялдын сөөгү үйүнө жакын жерден табылды
Баткен: эки айдан бери изделген аялдын сөөгү үйүнө жакын жерден табылды
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин маркум 2020-жылдын 19-ноябрында өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жибергендиги маалымдалган. 24.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-24T16:02+0600
2021-01-24T16:02+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
баткен
издөө
сөөк
аял
милиция
https://sputnik.kg/img/104400/19/1044001979_0:0:2906:1635_1920x0_80_0_0_eec40e96a2f6cdc50a81415376558916.jpg
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Баткен шаарында 23-ноябрдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн өзү жашаган үйдөн 200 метрдей алыс жерде өскөн бүлдүркөндүн арасынан милиция кызматкерлери тапкан. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн.Аялдын сөөгү өлүкканага өткөрүп берилип, экспертиза дайындалганы айтылды.Баткен ОИИБи ага милиция кысым көрсөткөн деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.Маалым болгондой, 2020-жылдын 19-ноябрында Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген. Аталган факт Баткен ШИИБинде Жазык кодексинин 178-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБине Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, бир саатка жетпеген убакытта кайра кетишкен.23-ноябрда ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Буга чейин ал аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатканы айтылган.Аялдын алты баласы болгон, эң кичүүсү алты жашта экени айтылды.
https://sputnik.kg/20201207/zhalal-abadda-izdelip-zhatkan-ayaldyn-oturup-tashtandyga-koomp-ketishken-1050699584.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104400/19/1044001979_87:0:2818:2048_1920x0_80_0_0_1f1de2a7e63208b3187ef99405c02459.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, баткен, издөө, сөөк, аял, милиция
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, баткен, издөө, сөөк, аял, милиция
Баткен: эки айдан бери изделген аялдын сөөгү үйүнө жакын жерден табылды
16:02 24.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Буга чейин маркум 2020-жылдын 19-ноябрында өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жибергендиги маалымдалган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Баткен шаарында 23-ноябрдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.
Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн өзү жашаган үйдөн 200 метрдей алыс жерде өскөн бүлдүркөндүн арасынан милиция кызматкерлери тапкан. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн.
Аялдын сөөгү өлүкканага өткөрүп берилип, экспертиза дайындалганы айтылды.
Баткен ОИИБи ага милиция кысым көрсөткөн деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 19-ноябрында Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген. Аталган факт Баткен ШИИБинде Жазык кодексинин 178-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБине Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, бир саатка жетпеген убакытта кайра кетишкен.
23-ноябрда ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Буга чейин ал аял Өзбекстан менен Тажикстандан да
изделип жатканы айтылган.
Аялдын алты баласы болгон, эң кичүүсү алты жашта экени айтылды.