https://sputnik.kg/20210124/nurmagomedov-makgregor-pore-betteshi-kommentariy-1051210136.html
Нурмагомедов Макгрегор Порьеден жеңилгенден кийин үн катты
Нурмагомедов Макгрегор Порьеден жеңилгенден кийин үн катты
Sputnik Кыргызстан
Спортчулар UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык мушкер кармаштын экинчи раундунда бир катар соккулары менен таамай тийип, атаандашын... 24.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-24T14:19+0600
2021-01-24T14:19+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
спорт
ufc
дастин порье
конор макгрегор
хабиб нурмагомедов
https://sputnik.kg/img/104660/91/1046609164_0:0:3062:1733_1920x0_80_0_0_051ef9c7896296b8eef44fd5add99905.jpg
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порьеден жеңилгени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.Эки мушкер бүгүн, 24-январда, UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык спортчу кармаштын экинчи раундунда нокаут менен утту.Буга чейин спорттук карьерасын жыйынтыктаган Хабиб Нурмагомедов Макгрегор — Порье, Чендлер — Хукер беттешине байкоо саларын айткан. Эгер алар чемпиондук наам үчүн кармашка татыктуулугун көрсөтсө, анда октагонго келери мүмкүн экенин билдирген. Мындан улам UFC 257 мелдешинин башкы беттештеринин мааниси арткан.АКШлык Порье менен ирландиялык Макгрегор бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кармашып, Порье атаандашын нокаутка түшүрүп утту.Россиялык мушкер буга чейин Макгрегорду да, Порьени да титулдук беттеште мөөнөтүнөн мурда утуп, чемпиондук наамын коргогон.
https://sputnik.kg/20210124/dastin-pore-konor-makgregor-nokaut-1051208809.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104660/91/1046609164_0:0:3062:1925_1920x0_80_0_0_ef6929768f7e3e1fd451182ce7f0615a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, ufc, дастин порье, конор макгрегор, хабиб нурмагомедов
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, ufc, дастин порье, конор макгрегор, хабиб нурмагомедов
Нурмагомедов Макгрегор Порьеден жеңилгенден кийин үн катты
14:19 24.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Спортчулар UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык мушкер кармаштын экинчи раундунда бир катар соккулары менен таамай тийип, атаандашын техникалык нокаутка түшүрдү.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порьеден жеңилгени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу
Р-Спорт жазды.
Эки мушкер бүгүн, 24-январда, UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык спортчу кармаштын экинчи раундунда нокаут менен утту.
"Сени чемпион кылган команданы алмаштырып, спарринг-өнөктөштөрдү чанып, чындыктан алыстап, жаш балдар менен машыгып жүргөндүн кесепети ушундай болот турбайбы...", — деп Нурмагомедов Twitter баракчасына билдирүү калтырган.
Буга чейин спорттук карьерасын жыйынтыктаган Хабиб Нурмагомедов Макгрегор — Порье, Чендлер — Хукер беттешине байкоо саларын айткан. Эгер алар чемпиондук наам үчүн кармашка татыктуулугун көрсөтсө, анда октагонго келери мүмкүн экенин билдирген. Мындан улам UFC 257 мелдешинин башкы беттештеринин мааниси арткан.
АКШлык Порье менен ирландиялык Макгрегор бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кармашып, Порье атаандашын нокаутка түшүрүп утту.
Россиялык мушкер буга чейин Макгрегорду да, Порьени да титулдук беттеште мөөнөтүнөн мурда утуп, чемпиондук наамын коргогон.