https://sputnik.kg/20210124/rf-mid-aksh-bildiruu-kommentarii-1051214670.html
Россиянын ТИМи АКШнын мыйзамсыз акцияны колдогонун кескин айыптады
Россиянын ТИМи АКШнын мыйзамсыз акцияны колдогонун кескин айыптады
Sputnik Кыргызстан
АКШнын элчилиги буга чейин Россиянын 38 шаарындагы нааразылык акциялардагы билдирүүлөргө байкоо жүргүзүп турганын билдирип, митингчилер тарапты колдогон. 24.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-24T19:17+0600
2021-01-24T19:17+0600
2021-12-16T22:28+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
россия
саясат
акш
митинг
билдирүү
нааразычылык
https://sputnik.kg/img/07e5/01/18/1051206118_0:195:3072:1933_1920x0_80_0_0_52089876d50e188c34d681066dd92f26.jpg
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын санкцияланбаган митинг боюнча билдирүүсүнө пикир билдирди. РИА Новости белгилегендей, буга чейин Америка элчилиги Россиянын 38 шаарындагы нааразылык акциялардагы билдирүүлөргө байкоо жүргүзүп турган.Элчилик "тынчтык митингине чыккандардын укуктарын жана пикирин эркин билдиргендерди" колдоорун, ал эми Россия бийлигинин көргөн чарасын ал укуктарды басмырлоого багытталганын кошумчалаган.АКШнын Москвадагы элчилиги дипломатиялык эрежелердин чегинен чыгып, Россиянын шаарларындагы мыйзамсыз митингдерди колдогон билдирүүлөрүн социалдык тармактарга такай жарыялап келет.Мекеме АКШ бийлиги ички көйгөйү, анын ичинде Америка коомчулугундагы социалдык теңсиздиктен келип чыгуучу бөлүнүп-жарылуулар менен алектениши керектигин белгилейт. Чындыгында бардык адептүүлүктү көз жаздымда калтырган америкалык дипломатиянын радикалдык элементтерди тукуруу аракети ийгиликсиздикке жана эки тараптуу мамилеге терс таасирин тийгизет. АКШ элчилигинин жетекчилиги Россиянын Тышкы иштер министрлигинде олуттуу сүйлөшүүгө туура келет.Бийликтин эскертүүсүРоссиянын Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасы 23-январда Москва жана бир катар шаарларда өткөн нааразычылык акциялардын уюштуруучуларына да, катышуучуларына да жоопкерчилик тууралуу бир нече жолу эскерткен. Алар чагымчылдык, коомдук тартипке коркунуч катары баалап, "дароо четтетилиши керек" деп эсептешет.Ошол эле учурда Башкы прокуратура интернет аркылуу мындай акцияларга чакырык жасоо мыйзамга каршы келерин белгилеп, аларды блоктоону талап кылган.Мектеп окуучуларына жана студенттерге өзгөчө көңүл бурулуп, ата-энелерге аларды мындай иш-чараларга аралаштырбоону суранат.Кремль мындай иш-чараларга катышкандардын аракети окуу жайдын жетекчилиги тарабынан түрдүү бааланарын белгилейт.
https://sputnik.kg/20210123/rossiya-makuldashylbagan-miting-1051205845.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/18/1051206118_0:99:3072:2029_1920x0_80_0_0_3685aa11d6ea8c17b021e3e3946126a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, россия, саясат, акш, митинг, билдирүү, нааразычылык
жаңылыктар, дүйнөдө, россия, саясат, акш, митинг, билдирүү, нааразычылык
Россиянын ТИМи АКШнын мыйзамсыз акцияны колдогонун кескин айыптады
19:17 24.01.2021 (Жаңыртылды: 22:28 16.12.2021) АКШнын элчилиги буга чейин Россиянын 38 шаарындагы нааразылык акциялардагы билдирүүлөргө байкоо жүргүзүп турганын билдирип, митингчилер тарапты колдогон.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын санкцияланбаган митинг боюнча билдирүүсүнө пикир билдирди.
РИА Новости белгилегендей, буга чейин Америка элчилиги Россиянын 38 шаарындагы нааразылык акциялардагы билдирүүлөргө байкоо жүргүзүп турган.
Элчилик "тынчтык митингине чыккандардын укуктарын жана пикирин эркин билдиргендерди" колдоорун, ал эми Россия бийлигинин көргөн чарасын ал укуктарды басмырлоого багытталганын кошумчалаган.
АКШнын Москвадагы элчилиги дипломатиялык эрежелердин чегинен чыгып, Россиянын шаарларындагы мыйзамсыз митингдерди колдогон билдирүүлөрүн социалдык тармактарга такай жарыялап келет.
Мекеме АКШ бийлиги ички көйгөйү, анын ичинде Америка коомчулугундагы социалдык теңсиздиктен келип чыгуучу бөлүнүп-жарылуулар менен алектениши керектигин белгилейт. Чындыгында бардык адептүүлүктү көз жаздымда калтырган америкалык дипломатиянын радикалдык элементтерди тукуруу аракети ийгиликсиздикке жана эки тараптуу мамилеге терс таасирин тийгизет. АКШ элчилигинин жетекчилиги Россиянын Тышкы иштер министрлигинде олуттуу сүйлөшүүгө туура келет.
Россиянын Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасы 23-январда Москва жана бир катар шаарларда өткөн нааразычылык акциялардын уюштуруучуларына да, катышуучуларына да жоопкерчилик тууралуу бир нече жолу эскерткен. Алар чагымчылдык, коомдук тартипке коркунуч катары баалап, "дароо четтетилиши керек" деп эсептешет.
Ошол эле учурда Башкы прокуратура интернет аркылуу мындай акцияларга чакырык жасоо мыйзамга каршы келерин белгилеп, аларды блоктоону талап кылган.
"Акцияга "белгилүү бир чагымчылдар" тукурганын, алардын аракети бизге жакшы маалым", - деген президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков.
Мектеп окуучуларына жана студенттерге өзгөчө көңүл бурулуп, ата-энелерге аларды мындай иш-чараларга аралаштырбоону суранат.
Кремль мындай иш-чараларга катышкандардын аракети окуу жайдын жетекчилиги тарабынан түрдүү бааланарын белгилейт.