https://sputnik.kg/20210125/franciya-bejtaptyn-kolun-ijini-menen-salyshty-1051220933.html
Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Видео
Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Видео
Sputnik Кыргызстан
Исландиялык киши 20 жыл мурда электр тогуна урунуп эки колунан тең ажырап калган. Бейтап 2013-жылы эле операция жасатмак, бирок донорду издөөгө убакыт кеткен. 25.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-25T15:24+0600
2021-01-25T15:24+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
коом
франция
операция
трансплантация
бейтап
кол
видео
мультимедиа
https://sputnik.kg/img/07e5/01/19/1051221026_22:0:1302:720_1920x0_80_0_0_1b292230194845331154d118c0502bd6.jpg
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен. Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.
https://sputnik.kg/20201220/kosmetolog-procedura-aziz-kylat-1050842021.html
франция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/19/1051221026_182:0:1142:720_1920x0_80_0_0_abf879021b9c3cd91c402ca4b2fba0fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, коом, франция, операция, трансплантация, бейтап, кол, видео, мультимедиа
жаңылыктар, дүйнөдө, коом, франция, операция, трансплантация, бейтап, кол, видео, мультимедиа
Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Видео
15:24 25.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Исландиялык киши 20 жыл мурда электр тогуна урунуп эки колунан тең ажырап калган. Бейтап 2013-жылы эле операция жасатмак, бирок донорду издөөгө убакыт кеткен.
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу
The Guardian басылмасы жазды.
Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.
20 Бештин айы 2020, 20:00
48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен.
Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.
Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.
Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.
Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.