https://sputnik.kg/20210201/ulukbek-maripov-premer-ministr-korsotuldu-1051298461.html
Улукбек Марипов расмий түрдө премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү
Улукбек Марипов расмий түрдө премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү
Sputnik Кыргызстан
Марипов Эсеп палатасын 2016-жылдан бери жетектейт. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган. 01.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-01T11:35+0600
2021-02-01T11:35+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
жогорку кеңеш
коалиция
өкмөт
өкмөт курамы
жыйын
жаңы өкмөт башчыны дайындоо
https://sputnik.kg/img/103681/13/1036811325_0:0:1601:901_1920x0_80_0_0_02d889725065d9f8047488db7e3d45a6.jpg
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлиги көрсөтүлдү.Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы жаңы өкмөттүн курамын карап жатат. Мариповдун талапкерлигин "Республика — Ата-Журт" фракциясы сунуштаган.Көпчүлүк коалиция көрсөтүлгөн талапкерди жактырса бул маселени тиешелүү комитет карайт, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган.Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.
https://sputnik.kg/20210128/sadyr-zhaparov-inauguratsiya-video-1051265207.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103681/13/1036811325_9:0:1538:1147_1920x0_80_0_0_dce9323ca48ba65199e471c8a26f7dd1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңеш, коалиция, өкмөт, өкмөт курамы, жыйын, жаңы өкмөт башчыны дайындоо
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңеш, коалиция, өкмөт, өкмөт курамы, жыйын, жаңы өкмөт башчыны дайындоо
Улукбек Марипов расмий түрдө премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү
11:35 01.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Марипов Эсеп палатасын 2016-жылдан бери жетектейт. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы
Улукбек Мариповдун талапкерлиги көрсөтүлдү.
Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы жаңы өкмөттүн курамын карап жатат. Мариповдун талапкерлигин "Республика — Ата-Журт" фракциясы сунуштаган.
Көпчүлүк коалиция көрсөтүлгөн талапкерди жактырса бул маселени тиешелүү комитет карайт, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.
Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.