https://sputnik.kg/20210202/kyrgyzstan-kuyuuchu-may-kymbattayt-1051310158.html
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттайт
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттайт
Sputnik Кыргызстан
Ассоциациянын башчысы баанын жогорулашын жөнгө салуу саясатын жүргүзүүнү жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөнү убадалады. 02.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-02T12:34+0600
2021-02-02T12:34+0600
2021-12-16T22:28+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
күйүүчү май
кымбаттоо
кыргызстандын нефтерейдерлер ассоциациясы
дизель
россия
https://sputnik.kg/img/104827/65/1048276529_0:340:3037:2048_1920x0_80_0_0_6a1dbe409b16ddeff1ba9875d380272a.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 2,5-3,5 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.Анын айтымында, бул Россиянын мунайзат рыногунда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өсүп жатканы менен байланыштуу. Бензин орто эсеп менен тоннасына 91,6 долларга, дизель тоннасына 25 долларга кымбаттаган. Ошондой эле ассоциация былтыр февралда Кыргызстанда доллар 69,84 сом болсо, азыр 85 сомго чейин жеткенин эске салды.Ассоциациянын башчысы баанын жогорулашын жөнгө салуу саясатын жүргүзүүгө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөнү убадалады. Январь айында өлкөгө чет жактан 52,4 миң тонна бензин, 67,6 миң тонна дизель алып келинген.Нефтетрейдерлер GlobalPetrolPrices.com сайтынын рейтингинде Кыргызстан бензиндин наркы боюнча 181 өлкөнүн ичинен 11-орунда турарын кабарлады. Ал эми импорттоочу өлкөлөрдүн ичинен эң арзан бензин деп табылган. Башка алдыңкы 20 өлкө мунайды өндүрүүчү жана экспорттоочу болуп саналат. Алар Венесуэла, Сауд Аравиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Иран, Казакстан, Нигерия жана башкалар.Ал эми дүйнө жүзүндө бир литр бензиндин орточо баасы 1,06 долларды түзөт, Кыргызстанда учурда 0,455 доллар.
https://sputnik.kg/20210126/kyrgyzstan-unomduu-avtounaa-nark-ozgoruu-infografika-1051231403.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104827/65/1048276529_187:0:2918:2048_1920x0_80_0_0_25a3abae60144cbfa9aec6e8ea020c7b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, күйүүчү май, кымбаттоо, кыргызстандын нефтерейдерлер ассоциациясы, дизель, россия
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, күйүүчү май, кымбаттоо, кыргызстандын нефтерейдерлер ассоциациясы, дизель, россия
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттайт
12:34 02.02.2021 (Жаңыртылды: 22:28 16.12.2021) Ассоциациянын башчысы баанын жогорулашын жөнгө салуу саясатын жүргүзүүнү жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөнү убадалады.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 2,5-3,5 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, бул Россиянын мунайзат рыногунда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өсүп жатканы менен байланыштуу. Бензин орто эсеп менен тоннасына 91,6 долларга, дизель тоннасына 25 долларга кымбаттаган. Ошондой эле ассоциация былтыр февралда Кыргызстанда доллар 69,84 сом болсо, азыр 85 сомго чейин жеткенин эске салды.
Ассоциациянын башчысы баанын жогорулашын жөнгө салуу саясатын жүргүзүүгө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөнү убадалады. Январь айында өлкөгө чет жактан 52,4 миң тонна бензин, 67,6 миң тонна дизель алып келинген.
Нефтетрейдерлер GlobalPetrolPrices.com сайтынын рейтингинде Кыргызстан бензиндин наркы боюнча 181 өлкөнүн ичинен 11-орунда турарын кабарлады. Ал эми импорттоочу өлкөлөрдүн ичинен эң арзан бензин деп табылган. Башка алдыңкы 20 өлкө мунайды өндүрүүчү жана экспорттоочу болуп саналат. Алар Венесуэла, Сауд Аравиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Иран, Казакстан, Нигерия жана башкалар.
Ал эми дүйнө жүзүндө бир литр бензиндин орточо баасы 1,06 долларды түзөт, Кыргызстанда учурда 0,455 доллар.