https://sputnik.kg/20210202/ministrlik-koronavirus-zhany-tolkun-dayardyk-1048849129.html
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна кантип даярданууда
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна кантип даярданууда
Sputnik Кыргызстан
Министрлик чет элдик ири медициналык борборлордогу бейтаптарды дарылоо тажрыйбаларын Кыргызстанда колдонууга ниеттенүүдө. 02.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-02T13:38+0600
2021-02-02T13:38+0600
2021-12-14T14:27+0600
коом
жаңылыктар
кыргызстан
коронавирус
толкун
даярдык
окутуу
министрлик
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051308561_0:204:3073:1942_1920x0_80_0_0_ce1b1597b77f311fc1f0471d7bfc1e56.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жана медайымдарды коронавирустун жаңы толкунуна даярдоо үчүн окутууну баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.Окутуу министрликтин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин жетекчилиги астында 2-февралдан 2-мартка чейин өтөт.Убактылуу клиникалык колдонмонун төртүнчү нускасынан баштап бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо боюнча сунуштарга, ошондой эле кычкылтек терапиясы, жогорку агымдуу оксиген терапиясы сыяктуу практикалык ыкмаларга көңүл бурулат.Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан бери "кызыл зоналарда" иштеген дарыгерлерди Сооронбаев жана анын командасы даярдаганын белгилеп өткөн.Швейцария, Германия, Улуу Британиядагы ири медициналык борборлордун тажрыйбасына таянып, дарыгерлер менен биргеликте, оор абалдагы бейтаптардын дем алуусун жакшыртуу жана өмүрүн сактоо боюнча алгоритмдер жана протоколдор иштелип чыгат.Ошондой эле алар COVID-19 менен ооруган адамдардагы оор учурларды талкуулашат жана консультацияларды уюштурушат.Эксперттер жаз мезгилинде коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн экенин айтышууда. Февраль айынын башында күнүнө 100гө жакын учур катталат.Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 84 646 адамга жугуп, 81 миң 102 адам илдетти жеңген. Тилекке каршы, 1414 адам оорудан улам каза болду.
https://sputnik.kg/20210202/prokuratura-bakhila-150-som-1051310212.html
https://sputnik.kg/20210202/akyrky-sutka-covid-19-zhany-statistika-1051309701.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051308561_0:108:3073:2038_1920x0_80_0_0_2432f1e2b25a67cb0367d6c70e08348d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, жаңылыктар, кыргызстан, коронавирус, толкун, даярдык, окутуу, министрлик, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
коом, жаңылыктар, кыргызстан, коронавирус, толкун, даярдык, окутуу, министрлик, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна кантип даярданууда
13:38 02.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Министрлик чет элдик ири медициналык борборлордогу бейтаптарды дарылоо тажрыйбаларын Кыргызстанда колдонууга ниеттенүүдө.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жана медайымдарды коронавирустун жаңы толкунуна даярдоо үчүн окутууну баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Окутуу министрликтин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин жетекчилиги астында 2-февралдан 2-мартка чейин өтөт.
Убактылуу клиникалык колдонмонун төртүнчү нускасынан баштап бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо боюнча сунуштарга, ошондой эле кычкылтек терапиясы, жогорку агымдуу оксиген терапиясы сыяктуу практикалык ыкмаларга көңүл бурулат.
Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан бери "кызыл зоналарда" иштеген дарыгерлерди Сооронбаев жана анын командасы даярдаганын белгилеп өткөн.
Швейцария, Германия, Улуу Британиядагы ири медициналык борборлордун тажрыйбасына таянып, дарыгерлер менен биргеликте, оор абалдагы бейтаптардын дем алуусун жакшыртуу жана өмүрүн сактоо боюнча алгоритмдер жана протоколдор иштелип чыгат.
Ошондой эле алар COVID-19 менен ооруган адамдардагы оор учурларды талкуулашат жана консультацияларды уюштурушат.
Эксперттер жаз мезгилинде коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн экенин айтышууда. Февраль айынын башында күнүнө 100гө жакын учур катталат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 84 646 адамга жугуп, 81 миң 102 адам илдетти жеңген. Тилекке каршы, 1414 адам оорудан улам каза болду.