Жума күнү Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. График
17:50 04.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
CC BY-SA 2.0 / Jeff Kubina / Light BulbЛампочка. Архив
![Лампочка. Архив Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021](https://sputnik.kg/img/104002/01/1040020148_0:211:2941:1865_1920x0_80_0_0_3d35922d19e88291fa0d96e8fa699e53.jpg)
Жазылуу
Электриктер трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо жана зымдарды алмаштыруу, жабдууларды алдын ала оңдоо иштери менен алектенет.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында жума күнү, 5-февралда, жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
- 9:00дөн 14:00гө чейин — 5-кичи райондо (№10, 10/1, 16, 16/1 үйлөр);
- 9:00дөн 17:00гө чейин — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жатаканасы менен морфокорпусунда, Ден Сяопин проспектисинин бир бөлүгүндө, Власов жана 9-январь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
- 9:30дан 12:00гө чейин — Марат, Кузбасский, Тимур Фрунзе, Калужский, Лущихин жана Черноморский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 9:30дан 17:00гө чейин — Буденный жана Салиева көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 9:30дан 18:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй, 20-23 көчөлөрү) конушу;
- 9:40тан 14:00гө чейин — Эркиндик проспектиси, Боталиев, Щербаков жана Дзержинский көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
- 10:00дөн 15:00гө чейин — Жибек жолу проспектисинин бир бөлүгүндө, Айтматов, Древесной, Осмонкул, Тыныстанов, Тургенев, Мичурин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Өзгөн жана Александровский туюк көчөлөрүндө;
- 10:00дөн 17:00гө чейин — 5-кичи райондо (№ 42-46, 55, 56 үйлөр, №71 бала бакча);
- 12:00дөн 17:00гө чейин — Аул, Хвойный, Кожевенный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө.