https://sputnik.kg/20210204/iim-moskvada-kaza-boldu-degen-kyz-tiruu-1051347114.html
ИИМ: Москвада киши колдуу болду деген кыз ооруканада жатат, иш козголду
ИИМ: Москвада киши колдуу болду деген кыз ооруканада жатат, иш козголду
Sputnik Кыргызстан
Министрликтин билдиришинче, Москвада 24 жаштагы кыргызстандык кызга бейтааныш адам кол салып, жарадар кылган. Учурда абалы туруктуу. 04.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-04T20:31+0600
2021-02-04T20:31+0600
2021-12-16T22:28+0600
жаңылыктар
коом
россия
дүйнөдө
иим
кыз
кол салуу
оорукана
кылмыш иши
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/104798/06/1047980609_0:324:2857:1931_1920x0_80_0_0_52e102be8272ef42dfc25a1a16a408ab.jpg
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Москвада кыргызстандык кызды өлтүрүп кетишти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал ооруканада дарыланып жатканын ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгүнө таянып кабарлады.Эске салсак, социалдык тармактарда эс учун жоготуп асфальтта жаткан кыздын сүрөтү тарап, ал киши колдуу болгонун жазышкан.Билдирмеге караганда, 2-февраль күнү болжол менен 15:28дер чамасында Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Павшинский бульвар көчөсүндөгү №12 үйдүн жанынан бейтааныш адам 24 жаштагы Р.А. аттуу кызга белгисиз предмет менен кол салган. Жарадар болгон кыз Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Учурда ал ооруканада, абалы туруктуу экени айтылды.Факты боюнча Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча тергөө башкармалыгы РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмү ("Курал катары колдонулган буюм менен денеге атайылап оор залал келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгогон.Учурда шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
https://sputnik.kg/20210204/iim-rossiyadagy-okulchulugu-besh-kishini-tapty-1051334494.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104798/06/1047980609_31:0:2762:2048_1920x0_80_0_0_dd700a82ea002f0f65fbadfa693094da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, россия, дүйнөдө, иим, кыз, кол салуу, оорукана, кылмыш иши, кыргызстан
жаңылыктар, коом, россия, дүйнөдө, иим, кыз, кол салуу, оорукана, кылмыш иши, кыргызстан
ИИМ: Москвада киши колдуу болду деген кыз ооруканада жатат, иш козголду
20:31 04.02.2021 (Жаңыртылды: 22:28 16.12.2021) Министрликтин билдиришинче, Москвада 24 жаштагы кыргызстандык кызга бейтааныш адам кол салып, жарадар кылган. Учурда абалы туруктуу.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Москвада кыргызстандык кызды өлтүрүп кетишти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал ооруканада дарыланып жатканын ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгүнө таянып кабарлады.
Эске салсак, социалдык тармактарда эс учун жоготуп асфальтта жаткан кыздын сүрөтү тарап, ал киши колдуу болгонун жазышкан.
Билдирмеге караганда, 2-февраль күнү болжол менен 15:28дер чамасында Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Павшинский бульвар көчөсүндөгү №12 үйдүн жанынан бейтааныш адам 24 жаштагы Р.А. аттуу кызга белгисиз предмет менен кол салган. Жарадар болгон кыз Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Учурда ал ооруканада, абалы туруктуу экени айтылды.
Факты боюнча Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча тергөө башкармалыгы РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмү ("Курал катары колдонулган буюм менен денеге атайылап оор залал келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгогон.
"Айрым жарандар жабырлануучунун сүрөтүн коюп, аны өлтүрүп кетишти деген такталбаган маалыматтарды таратышууда. Ушуга байланыштуу, жарандардан социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз. Эми тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.