https://sputnik.kg/20210204/zhurokko-zyyan-delgen-azyktar-1051332931.html
Дарыгер жүрөккө өтө эле зыян деген азыктарды атады
Дарыгер жүрөккө өтө эле зыян деген азыктарды атады
Sputnik Кыргызстан
Дианова рафинаддалган азыктар майлуу болгондуктан, аларды көп колдонуу ашыкча салмакка алып келерин белгилеген. 04.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-04T08:33+0600
2021-02-04T08:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
россия
жүрөк
кан тамыр
оору
тез татым
жарым фабрикат
https://sputnik.kg/img/104767/51/1047675175_0:310:3073:2048_1920x0_80_0_0_b4bb84b586860d885d7bdbcfde14186f.jpg
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Тез татым менен жарым фабрикат жүрөк-кан тамыр системасына өтө эле зыян. Бул тууралуу диетолог жана дарыгер-гастроэнтеролог Нурия Дианова билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.Дарыгердин айтымында, тез татым көпчүлүк учурда өтө майлуу келет. Анын курамында туз менен кумшекер да көп. Мындан сырткары, ага куурулган азыктар кошулуп, ден соолукка эч пайдасы жок. Адис тез татымдын ичинен куурулган картошка өтө зыян экенин эскерткен.Дианова рафинаддалган азыктарды көп колдонуу ашыкча салмакка алып келерин белгилеген. Мындай азыктар өтө эле майлуу келерин айтып, алар жүрөк-кан тамырларынын биринчи душманы экенин кошумчалаган.Диетологдун айтымында, жарым фабрикаттар да ден соолукка бычак. Себеби алардын курамында кумшекер өтө көп.Эгер тамакты таттуу суусундуктар менен жесе, маселен артынан газдалган суусундук ичсе, анда организмде кумшекердин көлөмү көбөйүп кетет. Башкача айтканда, организмге зыян алып келе турчу углеводдор көбөйөт.
https://sputnik.kg/20201214/den-sooluk-pajdaluu-10-azyk-1050768332.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104767/51/1047675175_0:118:3073:2048_1920x0_80_0_0_dc441073dc9a618a7301588cd2312ad4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, россия, жүрөк, кан тамыр, оору, тез татым, жарым фабрикат
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, россия, жүрөк, кан тамыр, оору, тез татым, жарым фабрикат
Дарыгер жүрөккө өтө эле зыян деген азыктарды атады
08:33 04.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Дианова рафинаддалган азыктар майлуу болгондуктан, аларды көп колдонуу ашыкча салмакка алып келерин белгилеген.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Тез татым менен жарым фабрикат жүрөк-кан тамыр системасына өтө эле зыян. Бул тууралуу диетолог жана дарыгер-гастроэнтеролог Нурия Дианова билдиргенин "
Известия" басылмасы жазды.
Дарыгердин айтымында, тез татым көпчүлүк учурда өтө майлуу келет. Анын курамында туз менен кумшекер да көп. Мындан сырткары, ага куурулган азыктар кошулуп, ден соолукка эч пайдасы жок. Адис тез татымдын ичинен куурулган картошка өтө зыян экенин эскерткен.
Дианова рафинаддалган азыктарды көп колдонуу ашыкча салмакка алып келерин белгилеген. Мындай азыктар өтө эле майлуу келерин айтып, алар жүрөк-кан тамырларынын биринчи душманы экенин кошумчалаган.
"Рафинаддалган азыктар атеросклероз оорусун пайда кылып, эгер бар болсо аны өрчүтүп жибериши ыктымал. Мындан сырткары, ал тамырдын сыртын жабыркатып, инсульт, инфарктка чейин жеткириши мүмкүн", — деди медик.
14 Бештин айы 2020, 09:30
Диетологдун айтымында, жарым фабрикаттар да ден соолукка бычак. Себеби алардын курамында кумшекер өтө көп.
Эгер тамакты таттуу суусундуктар менен жесе, маселен артынан газдалган суусундук ичсе, анда организмде кумшекердин көлөмү көбөйүп кетет. Башкача айтканда, организмге зыян алып келе турчу углеводдор көбөйөт.