Мэрдин милдетин аткаруучу Кудайбергеновдун бишкектиктерге берген 10 убадасы
14:04 10.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек мэрисы. Архив
Жазылуу
Мэрдин милдетин аткаруучу мэриянын буга чейинки иш планы улантылып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болорун кошумчалаган.
БИШКЕК, 10-фев. – Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергенов Facebook баракчасына алдыга койгон эң башкы 10 милдетин жазды.
© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергенов
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергенов
Ал ар бир сунуш, долбоор, чечим дыкат ойлонулуп, реалдуу болушу негизги принциби экенин белгилеген.
"Шаардыктардын күнүмдүк жашоосунан баштап, келечектеги пландарга болгон суроо-талабын аз күндө деталдуу көрсөтүп, атайын маалымат жыйында кабарлайм. Бирок алдыга койгон эң башкы 10 милдетим менен тааныштыра кетейин", - деген Кудайбергенов.
Мэрдин милдетин аткаруучу мэриянын буга чейинки иш планы улантылып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болорун кошумчалаган.
10 милдет:
- Эпидемиялык абалды жөнгө салуу жана COVID-19га каршы иш-чараларды натыйжалуу уюштуруу;
- Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо;
- Шаардык бюджеттин толукталышынын жана сарпталышынын ачыктыгын камсыздоо;
- Ар бир муниципалдык кызматтын жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо жана уюштуруу;
- Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
- Шаардык коомдук транспортторду экологиялык талапка жооп берүү иштерин тездетүү;
- Шаардыктардын суроо-талаптарын ыкчам чечүү багытында санариптештирүү тиркемесин тез арада киргизүү;
- Муниципалдык жетекчилердин жана кызматкерлердин ишин баалоо KPI индикаторлорун киргизүү;
- Шаардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдыруу, муниципалдык менчиктердин иштөө статусунун ачыктыгын камсыздоо;
- Буга чейинки кабыл алынган программалар, стратегиялардын аткарылышын толугу менен карап чыгуу, анализдөө жана жыйынтыгында тиелешүү чараларды кабыл алуу.
"Урматтуу шаардыктар, бул негизги багыттар сиздердин суроо-талап менен толукталып кенен, деталдуу форматта дагы талкууга салам. Шаардыктар менен биргеликте аз убакытта мэрия эффективдүү иш алып барат деп кепилдик берем", - деди ал.
Белгилей кетсек, өкмөт башчысы Улукбек Марипов кечээ күнү Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган чечимин бүгүн жокко чыгарды. Ал бир нече саат гана шаар башчысы кызматында болуп, социалдык тармактардан анын дарегине кескин сындар айтылган. Нургазиевди алдамчылыкка айыптап, 2019-жылы аял кишиге кол көтөргөнүн жазып чыгышты. Мындан улам анын ордуна бүгүн, 10-февралда, Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.