https://sputnik.kg/20210210/italiya-futbolchu-51-kun-evropa-uch-top-liga-oynoo-tarykhiy-okuya-1051407158.html
Италиялык футболчу 51 күндө Европанын үч топ-лигасында ойноп тарыхта калды
Италиялык футболчу 51 күндө Европанын үч топ-лигасында ойноп тарыхта калды
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин футболчуларга бир сезондо үч клубдун курамына жазылганга, бирок расмий оюндарда эки гана командага ойноого уруксат берилген. 10.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-10T15:55+0600
2021-02-10T15:55+0600
2023-10-31T14:51+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
спорт
футбол
трансфер
европа
fifa
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0a/1051406146_0:0:3072:1739_1920x0_80_0_0_ff953cc1821c95c9c459bedfa6b9a9b2.jpg
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Италиялык футболчу Патрик Кутроне 51 күндө Европанын үч топ-лигасында ойноп тарыхта калды. Бул тууралуу Sports.ru сайты жазды.Футболчуларга бир сезондо үч клубдун курамына жазылууга, бирок расмий оюндарда эки гана командага ойноого уруксат берилген. Бирок өткөн жылдын июнь айынан тарта Дүйнөлүк футбол федерациясы (ФИФА) ассоциациялар менен кеңешип, эрежеге убактылуу өзгөртүү киргизди. 2020/2021-жылдагы сезондун аягына чейин футболчулар үч клубга катталып, үчөөндө тең ойной алышат.Кутроне Италиянын "Фиорентина" клубунда ижаралык негизде ойноп, команда келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуп, оюнчу Англиянын "Вулверхэмптон" клубуна кайра келген. Сезондун аягына чейин спортчу Испаниянын "Валенсия" клубунун катарына кошулган.Ал арада Патрик жаңы команда үчүн дебюттук оюнун өткөрдү.
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0a/1051406146_0:0:3072:1931_1920x0_80_0_0_6f8a4ab8c65c5398dced0680cdaa9b4b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, футбол, трансфер, европа, fifa
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, футбол, трансфер, европа, fifa
Италиялык футболчу 51 күндө Европанын үч топ-лигасында ойноп тарыхта калды
15:55 10.02.2021 (Жаңыртылды: 14:51 31.10.2023) Буга чейин футболчуларга бир сезондо үч клубдун курамына жазылганга, бирок расмий оюндарда эки гана командага ойноого уруксат берилген.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Италиялык футболчу Патрик Кутроне 51 күндө Европанын үч топ-лигасында ойноп тарыхта калды. Бул тууралуу
Sports.ru сайты жазды.
Футболчуларга бир сезондо үч клубдун курамына жазылууга, бирок расмий оюндарда эки гана командага ойноого уруксат берилген. Бирок өткөн жылдын июнь айынан тарта Дүйнөлүк футбол федерациясы (ФИФА) ассоциациялар менен кеңешип, эрежеге убактылуу өзгөртүү киргизди. 2020/2021-жылдагы сезондун аягына чейин футболчулар үч клубга катталып, үчөөндө тең ойной алышат.
Кутроне Италиянын "Фиорентина" клубунда ижаралык негизде ойноп, команда келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуп, оюнчу Англиянын "Вулверхэмптон" клубуна кайра келген. Сезондун аягына чейин спортчу Испаниянын "Валенсия" клубунун катарына кошулган.
Ал арада Патрик жаңы команда үчүн дебюттук оюнун өткөрдү.