Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги батирлердин ижара акысы тууралуу жазып келген. Мындан ары алардын сатылыш бааларына дагы байкоо салып турат. Бул материалды даярдоодо 2 111 жарнама каралды.
Батирлер январь айында орто эсеп менен 2020-жылдын декабрь айына салыштармалуу кымбаттады. Мисалы, өзүнчө типтеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы 1000 долларга көтөрүлдү. Ал эми 105-сериядагы батирлер — 500, өзүнчө типтеги эки бөлмөлүү батирлер 3 800 долларга жогорулаган. 106-сериядагы батир үчүн мурдагыдан 2 200 долларга көбүрөөк акча берүүгө туура келет.
Бирок ушул эле 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирлер менен "хрущевкалар" бир аз арзандаган. Мисалы, үч бөлмөлүү "хрущевканы" 1 100 долларга мурдагыдан арзан сатып алса болот.
Ачык булактагы маалыматтар боюнча бир бөлмөлүү батирлердин январь айындагы баасы:
- 104-серия — 30 500 доллар (24 000 - 34 500 доллар);
- 105-серия — 28 900 (20 000 - 36 900);
- 106-серия —31 500 (24 500 - 45 000);
- "хрущевка" — 26 400 (20 000 - 35 000);
- өзүнчө типтеги батирлер — 30 000 (12 500 - 57 500).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
- 104-серия — 36 600 (25 000 - 45 000 доллар);
- 105-серия — 41 700 (33 500-56 000);
- 106-серия — 46 100 (35 000 - 68 000);
- "хрущевка" — 32 900 (24 000 - 45 500);
- өзүнчө типтеги батирлер — 41 900 (20 000 - 90 000).
Үч блмөлүү батирлердин орточо баасы:
- 104-серия — 44 100 (35 500 - 59 000 доллар);
- 105-серия — 53 100 (35 900 - 76 500);
- 106-серия — 58 100 (44 000 - 75 000);
- "хрущевка" — 39 000 (35 000 - 48 500);
- өзүнчө типтеги батирлер — 60 100 (20 000 - 180 000).