https://sputnik.kg/20210211/kyrgyzpatenttin-avtorlorgo-kayryluusu-1051411724.html
Келишим түзүп сый акы алыңыз. Кыргызпатент чыгармачыл чөйрөгө кайрылды
Келишим түзүп сый акы алыңыз. Кыргызпатент чыгармачыл чөйрөгө кайрылды
Sputnik Кыргызстан
Чыгарма ээлери Кыргызпатент менен келишим түзүп, аткаруучулар менен колдонуучуларды тизмелеп бериши керек. Андан кийин мекеме пайдаланылган эмгектер үчүн... 11.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-11T08:33+0600
2021-02-11T08:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
маданият
автордук укук
чыгарма
сый акы
келишим
кыргызпатент
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0a/1049573170_0:58:3072:1796_1920x0_80_0_0_28aae4718eea4856086e24e5b23e03e5.jpg
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызпатент авторлор менен келишим түзүү үчүн чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы кабарлады.Мекеменин кайрылуусу композитор, обончу, акын жана драматургдарга багытталган.Келишим түзүү үчүн автор өзүнүн жана аткаруучулардын тизмесин толтурууга тийиш. Мисалы, обондуу ырга тексттин автору, обончу жана композитор жазылышы керек.Кыргызпатент автордук сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү процессин автоматташтырган атайын гиперграф программалык системасын ишке киргизген. Ага автордун чыгармалары жөнүндө маалыматтар киргизилип, жеке бөлүмчө ачылат. Ар бир автор сый акылардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматты көрө алат.Гиперграф системасына катталуу үчүн кыскача түшүндүрмө менен таанышууга болот.
https://sputnik.kg/20200206/bek-borbiev-mirbek-atabekov-kyrgyzpatent-syj-aky-1046984098.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0a/1049573170_0:0:3072:1931_1920x0_80_0_0_d7d806160824bf9f1c5dae6121ef8e6d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, автордук укук, чыгарма, сый акы, келишим, кыргызпатент
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, автордук укук, чыгарма, сый акы, келишим, кыргызпатент
Келишим түзүп сый акы алыңыз. Кыргызпатент чыгармачыл чөйрөгө кайрылды
08:33 11.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Чыгарма ээлери Кыргызпатент менен келишим түзүп, аткаруучулар менен колдонуучуларды тизмелеп бериши керек. Андан кийин мекеме пайдаланылган эмгектер үчүн авторлорго сый акы чогултат.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызпатент авторлор менен келишим түзүү үчүн чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы кабарлады.
Мекеменин кайрылуусу композитор, обончу, акын жана драматургдарга багытталган.
"Эгерде сиздин чыгармаларыңыз же сиз аткарган чыгармалар телерадиокомпаниялардын эфиринде же концерттерде, пьесаларыңыз театрларда коюлуп жатса, анда сиз автордук укуктун ээси болуп саналасыз. Сиздин сый акыңызды чогултуп берүү укугун Кыргызпатентке келишим менен өткөрүп берген күндөн баштап, Кыргызпатент сиздин ыйгарым укуктуу өкүлүңүз болуп калат", — деп жазылат маалыматта.
Келишим түзүү үчүн автор өзүнүн жана аткаруучулардын тизмесин толтурууга тийиш. Мисалы, обондуу ырга тексттин автору, обончу жана композитор жазылышы керек.
Кыргызпатент автордук сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү процессин автоматташтырган атайын гиперграф программалык системасын ишке киргизген. Ага автордун чыгармалары жөнүндө маалыматтар киргизилип, жеке бөлүмчө ачылат. Ар бир автор сый акылардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматты көрө алат.