Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда жарык дүйнөгө келген. Он жашында молдодон сабак алып, 13кө чыкканда Караколдогу тузем мектебине кирген. 1916-жылы Кытайга туугандары менен качып, ал жактан өспүрүм уйгур, татар тилин үйрөнүп, кичине кытайча сүйлөй баштаган.
Кыргызстанга 20 жашында келгенде айыл кеңеште катчы, революциялык комитеттин башчысы болуп иштеп, 1923-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна тапшырып "Эркин-Тоо" гезитинин алгачкы басылмаларынын чыгышына жигердүү аралашкан. Андан соң 1926-жылы Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, Базаркул Данияров жана Осмонкул Алиев менен Баку шаарында уюштурулган түркологдордун биринчи съездине барып, билимге суусаган студент Ленинград шаарындагы Чыгыш институтуна өтүп кеткен. Бөтөн жерде бурят, монгол, араб, фарси, немис тилдерин өздөштүрүп, замандаштары менен кыргыздар үчүн окуу китептерин басып чыгаруу ишине бел байлап, бир катар эмгектерди окурмандарга сунуштаган.
Андан сырткары, Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чипполино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон. Эң кызыгы, ал 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн.
Жеке жашоосунда Айша Карасаева (Түмөнбаева) менен бирге узак убакыт түтүн булатып, экөө үч кызды тарбиялап чоңойткон. Залкар инсан көзү көрбөй, кулагы жакшы укпай калганга чейин илим менен алектенип 97 жашында көз жумган. Учурда анын ысымын Бишкектеги бир көчө жана жогорку окуу жай алып жүрөт.
Атактуу түрколог, тилчи, илимпоз жөнүндө кызыктуу фактылардын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.
![Кусеин Карасаев 22 жашында Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна өтүп, ал жакта жүргөндө Эркин-Тоо гезитинин алгачкы басылмаларын чыгаруу тобунда макалалардын орфографиясын караган Кусеин Карасаев 22 жашында Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна өтүп, ал жакта жүргөндө Эркин-Тоо гезитинин алгачкы басылмаларын чыгаруу тобунда макалалардын орфографиясын караган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433602_0:0:1982:2000_600x0_80_0_1_42674ebb6d7db3c5e5422f697947f952.jpg)
![Жаш илимпоз Карасаев келинчеги Айша, кыздары Людмила, Галина, Алтынай менен Жаш илимпоз Карасаев келинчеги Айша, кыздары Людмила, Галина, Алтынай менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104360/40/1043604051_0:0:1772:1181_600x0_80_0_1_0211d3e92e02caeb5c2e6460aef923f1.jpg)
![Билимге умтулган, чет тилдерди өздөштүргөн Кусеин Карасаевдин лекциялык китепчеси Билимге умтулган, чет тилдерди өздөштүргөн Кусеин Карасаевдин лекциялык китепчеси - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433612_0:0:1509:2188_600x0_80_0_1_61836b496d82aa335b924bceec832757.jpg)
![Карасаев 1931-жылы окуусун бүтүп келип Фрунзедеги Тил жана адабият институтуна кирип, адабият жыйноо боюнча иш алып барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевди борбор калаага алып келген Карасаев 1931-жылы окуусун бүтүп келип Фрунзедеги Тил жана адабият институтуна кирип, адабият жыйноо боюнча иш алып барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевди борбор калаага алып келген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433619_0:0:917:1446_600x0_80_0_1_c8ca378375898c5b58f431136d3346b0.jpg)
![Жаш түгөйлөрдүн сүрөтү 1930-жылы тартылган. Ал кезде экөө тең Москвада илим менен кетип, билим алып жүрүшкөн Жаш түгөйлөрдүн сүрөтү 1930-жылы тартылган. Ал кезде экөө тең Москвада илим менен кетип, билим алып жүрүшкөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433624_0:0:1151:894_600x0_80_0_1_038eb7da41bb205d97e675419b557f73.jpg)
![Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаев небереси менен иш бөлмөсүндө Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаев небереси менен иш бөлмөсүндө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433629_0:0:2000:1761_600x0_80_0_1_b03baf9a0f1d275724a5b2aa1cff9d9f.jpg)
![Атактуу тилчи Карасаев менен белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен Атактуу тилчи Карасаев менен белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433641_0:0:1772:1181_600x0_80_0_1_a157dfda46a5e227a4bd364013dd858c.jpg)
![Замандаштары менен көчөдө баарлашкан түрколог Замандаштары менен көчөдө баарлашкан түрколог - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433646_0:0:2600:1703_600x0_80_0_1_359041ab3e052a4aaab1046f5a8f055e.jpg)
![Байын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата Байын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104360/40/1043604061_0:0:1720:1146_600x0_80_0_1_405c9eba127e8013b29124ee91dcfd71.jpg)
![Кинорежиссер Каридин Акматалиев түрколог жөнүндө тасма тартуу маалында Кинорежиссер Каридин Акматалиев түрколог жөнүндө тасма тартуу маалында - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433652_0:0:2000:1787_600x0_80_0_1_0c46b351d355519327d7d6775cd81d69.jpg)
![Мааракелердин биринде президент Аскар Акаев окумуштуу Карасаев менен биринчи катарда отурат Мааракелердин биринде президент Аскар Акаев окумуштуу Карасаев менен биринчи катарда отурат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051433658_0:0:1548:974_600x0_80_0_1_162c318b2b723e51ddade24a8fd86e04.jpg)
![Окумуштуу байбичеси экөө 68 жыл бирге жашап, үч кызды чоңойткон. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин доктору, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу боло алган Окумуштуу байбичеси экөө 68 жыл бирге жашап, үч кызды чоңойткон. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин доктору, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу боло алган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104360/39/1043603968_0:0:1772:1181_600x0_80_0_1_7bed4106b56ff2748a835e3fca86c910.jpg)