https://sputnik.kg/20210213/too-tekenin-eti-menen-brakonerlikke-shekuu-karmaldy-1051441548.html
Браконьерликке шектелген киши тоо текенин этин жүктөп жатып кармалды. Сүрөт
Браконьерликке шектелген киши тоо текенин этин жүктөп жатып кармалды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Тоо текени атты деген шектүүлөр Аксы районунун тургундары экендиги, бири Беке-Чал аймагындагы кыштоодо мал бага тургандыгы аныкталган. 13.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-13T10:54+0600
2021-02-13T10:54+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
жалал-абад облусу
кара-көл
жайлоо
тоо теке
браконьер
кыштоо
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050956856_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_06d515d4cbabb4b870daa5c0a4972576.jpg
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунда тоо текени мыйзамсыз атып, этин автоунаага жүктөп жаткан жаран кармалды. Бул маалыматты Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаев билдирди.Анын айтымында, аталган департамент тарабынан 10-февраль күнү атайын рейд өткөрүлгөн. Токтогул районунун Кара-Көл шаарына жакын жердеги Беке-Чал жайлоосуна кеткен жолдун бурулушунда жол четинде автоунаага белгисиз буюм жүктөп жаткан адам шек жараткан.Тоо текенин башын автоунаага салып жаткан кишини сураштыра келгенде, ал Аксы районунун 26 жаштагы Т. уулу Р. аттуу тургуну экени аныкталган. Анын Беке-Чал аймагындагы кыштоодо мал бага турганы белгилүү болгон. Ал эми жанындагы жолдошу аталган департаменттин кызматкерлерин көрөр замат изин жашырган.Тоо текенин эти менен кармалган 26 жаштагы жигит Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жанындагы жолдошу Кара-Көл шаарынын тургуну экендиги аныкталган.Бул иш боюнча топтолгон материалдар Кара-Көл ШИИБге мамлекетке 100 миң сом өндүрүү үчүн өткөрүлүп берилген.
жалал-абад облусу
кара-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050956856_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_df9b57ec1207a457a37d6bb7ac99d5f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, жалал-абад облусу, кара-көл, жайлоо, тоо теке, браконьер, кыштоо
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, жалал-абад облусу, кара-көл, жайлоо, тоо теке, браконьер, кыштоо
Браконьерликке шектелген киши тоо текенин этин жүктөп жатып кармалды. Сүрөт
10:54 13.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Тоо текени атты деген шектүүлөр Аксы районунун тургундары экендиги, бири Беке-Чал аймагындагы кыштоодо мал бага тургандыгы аныкталган.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунда тоо текени мыйзамсыз атып, этин автоунаага жүктөп жаткан жаран кармалды. Бул маалыматты Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган департамент тарабынан 10-февраль күнү атайын рейд өткөрүлгөн. Токтогул районунун Кара-Көл шаарына жакын жердеги Беке-Чал жайлоосуна кеткен жолдун бурулушунда жол четинде автоунаага белгисиз буюм жүктөп жаткан адам шек жараткан.
Тоо текенин башын автоунаага салып жаткан кишини сураштыра келгенде, ал Аксы районунун 26 жаштагы Т. уулу Р. аттуу тургуну экени аныкталган. Анын Беке-Чал аймагындагы кыштоодо мал бага турганы белгилүү болгон. Ал эми жанындагы жолдошу аталган департаменттин кызматкерлерин көрөр замат изин жашырган.
Тоо текенин эти менен кармалган 26 жаштагы жигит Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жанындагы жолдошу Кара-Көл шаарынын тургуну экендиги аныкталган.
"Шектүү сурак учурунда ал жолдошу тоо текени аткандыгын жана этин автоунаага чейин жеткирип коюуну сурангандыгын айтып берди", — деген Сатимбаев.
Бул иш боюнча топтолгон материалдар Кара-Көл ШИИБге мамлекетке 100 миң сом өндүрүү үчүн өткөрүлүп берилген.