https://sputnik.kg/20210217/suusamyr-gidroehlektrostanciya-tekhnikalyk-negizdeme-1051492485.html
Суусамырдагы гидроэлектр станциясынын техникалык негиздемесин түзүү пландалууда
Суусамырдагы гидроэлектр станциясынын техникалык негиздемесин түзүү пландалууда
Sputnik Кыргызстан
Улуттук энергетикалык холдингдин өкүлү эки ири ГЭС каскадынын ири долбоорлору тууралуу айтып берди. 17.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-17T16:20+0600
2021-02-17T16:20+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
электр энергиясы
каскад
гэс
суусамыр
ташкент
https://sputnik.kg/img/07e5/02/11/1051489690_0:301:3067:2036_1920x0_80_0_0_6492b90bf4a2672714fb4afddc30c06d.jpg
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин башкаруучулугунун төрагасынын кеңешчиси Чоробай Акунов билдирди.Ал Ташкентте өткөн "Гидроэнергетика: Борбор Азия жана Каспий" аттуу эл аралык конгресс жана көргөзмөсүндө сөз сүйлөдү.Ошондой эле ал Казарман ГЭС каскады боюнча дагы кеп козгоп, бирок негиздеме түзүлгөн-түзүлбөгөнүн тактаган жок.Белгилей кетсек, 2011-жылы Кыргызстан кытайлык компания менен Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына ГЭС куруу боюнча протоколго кол коюуну пландаган.Беш жыл мурун Улуттук энергохолдингдин презентациясында ГЭСтердин төмөнкү параметрлери айтылган:Суусамыр-Көкөмерен каскады — жалпы кубаттуулугу 1305 мегаватты түзгөн үч гидроэлектр станциясы бир жылда болжол менен 3,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт (баасы — 3,3 миллиард доллардан ашык).Казарман каскады — жалпы кубаттуулугу 1 160 мегаваттка жеткен үч станция бир жылда болжол менен 4,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.
https://sputnik.kg/20210217/ysyk-koldo-kubattuu-gehs-kuruu-plandaluuda-1051490710.html
суусамыр
ташкент
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/11/1051489690_0:120:3067:2047_1920x0_80_0_0_51f4babbfeff1b92dd8761ac4f4282df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, электр энергиясы, каскад, гэс, суусамыр, ташкент
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, электр энергиясы, каскад, гэс, суусамыр, ташкент
Суусамырдагы гидроэлектр станциясынын техникалык негиздемесин түзүү пландалууда
16:20 17.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Улуттук энергетикалык холдингдин өкүлү эки ири ГЭС каскадынын ири долбоорлору тууралуу айтып берди.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин башкаруучулугунун төрагасынын кеңешчиси Чоробай Акунов билдирди.
Ал Ташкентте өткөн "Гидроэнергетика: Борбор Азия жана Каспий" аттуу эл аралык конгресс жана көргөзмөсүндө сөз сүйлөдү.
"Суусамыр-Көкөмерен ГЭСинин кубаттуулугу 1 305 мегаваттка жеткидей кылып техникалык-экономикалык негиздемесин түзүүнү пландап жатабыз", — деди Акунов.
Ошондой эле ал Казарман ГЭС каскады боюнча дагы кеп козгоп, бирок негиздеме түзүлгөн-түзүлбөгөнүн тактаган жок.
Белгилей кетсек, 2011-жылы Кыргызстан кытайлык компания менен Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына ГЭС куруу боюнча протоколго кол коюуну пландаган.
17 Бирдин айы 2021, 14:53
Беш жыл мурун Улуттук энергохолдингдин презентациясында ГЭСтердин төмөнкү параметрлери айтылган:
Суусамыр-Көкөмерен каскады — жалпы кубаттуулугу 1305 мегаватты түзгөн үч гидроэлектр станциясы бир жылда болжол менен 3,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт (баасы — 3,3 миллиард доллардан ашык).
Казарман каскады — жалпы кубаттуулугу 1 160 мегаваттка жеткен үч станция бир жылда болжол менен 4,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.