Sputnik Кыргызстан агенттиги курамында баалуу металлдар бар руда менен концентраттар кайсы мамлекеттерге кетип жаткандыгына кызыгып көрдү.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда концентрат менен жети, руда менен бир компания иш алып барат. Ал кен казган ишканалар алтын, күмүш, жез өңдүү баалуу металлдарды ылгап алуу үчүн Казакстан, Кытай, Түркияга ташыйт. Алар 2020-жылы өлкө аймагынан жалпы 226 миң 207 тоннадан ашык концентрат, руда чыгарышкан. Курамында 5 667 килограмм алтын, 11 тонна 304 килограммдан ашык күмүш жана 7343 тоннадан ашык жез болгон.
Эскерте кетсек, 2019-жылы КРден 73 миң 401 тоннадан ашык концентрат чыгарылган. Анда 5518 килограммдай алтын, 14 тонна 272 килограмм күмүш жана 9026 тоннадан ашык жез бар экени айтылган болчу.
Концентрат — бул рудага караганда зыяндуу компоненттери аз жана курамында баалуу металлы көп болгон байытылган продукт.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын соңунда алтын кенин жана концентратты казып алуу, ошондой эле сатуу менен алектенгендердин киреше салыгы жогорулатылып, 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөймөкчү болгон.