https://sputnik.kg/20210223/zhaparov-zhashtardy-armiyaga-baruuga-undodu-1051554909.html
Садыр Жапаров жаштарды армияга барууга үндөп, аскердеги сүрөтүн жарыялады
Садыр Жапаров жаштарды армияга барууга үндөп, аскердеги сүрөтүн жарыялады
Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы мекен чегин коргойм деген уулдары менен ата-энелер сыймыктанып, өлкө даңкталарын белгилеген. 23.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-23T14:01+0600
2021-02-23T14:01+0600
2021-12-16T14:04+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
президент
армия
куттуктоо
чакыруу
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/1a/1050205207_0:0:2480:1402_1920x0_80_0_0_13222e1269c88b3009c205d8014c669c.jpg
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мырзаларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, армияга барууга чакырды.Жапаров куттуктоосун Instagram баракчасына жазып, өзүнүн аскердеги сүрөтүн жарыялаган.Ошондой эле ата-энелер мекенди коргойм деген уулдары менен сыймыктанарын айткан."Ар бир ата, ар бир эне армияга кызмат кылган уулдары менен сыймыктанат. Ата журт дагы мындай уул-кыздары менен даңкталат. Демек, бул — чоң сыймык! Биз турмушта бышып жетилген, эрктүү, мекенчил жана билимдүү жаштар менен Кыргызстаныбыздын келечегине ак кызмат кылабыз. Урматтуу мекен коргоочулар, мекен чегин коргойм, өлкөмдү өнүктүрөм, эл-журтумдун байгер турмушун камсыздайм деген ой-максатыңар эч качан майтарылбасын, кайрат-күчүңөрдөн жазбагыла", — деп жазган Жапаров.Жакында эле Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Садыр Жапаровдун армиядагы дагы бир сүрөтүн чыгарган. Анда ал 20 жашта болчу.
https://sputnik.kg/20210220/sayasatchylar-armiyadagy-surottoru-1051525436.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/1a/1050205207_0:0:2480:1558_1920x0_80_0_0_929099e0d4b92df9032793cc23b912c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, президент, армия, куттуктоо, чакыруу, сүрөт
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, президент, армия, куттуктоо, чакыруу, сүрөт
Садыр Жапаров жаштарды армияга барууга үндөп, аскердеги сүрөтүн жарыялады
14:01 23.02.2021 (Жаңыртылды: 14:04 16.12.2021) Өлкө башчы мекен чегин коргойм деген уулдары менен ата-энелер сыймыктанып, өлкө даңкталарын белгилеген.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент
Садыр Жапаров мырзаларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, армияга барууга чакырды.
Жапаров куттуктоосун Instagram баракчасына жазып, өзүнүн аскердеги сүрөтүн жарыялаган.
"Мен жалпы жаштарды, мектеп бүтүрүүчүлөрүн кыргыз армиясынын катарында кызмат кылууга үндөөр элем. Анткени аскердик милдет турмуш жолундагы кыйынчылыктарга туруштук берип, майтарылбас эркти бүлөйт. Эр жигитке ыйык болуп саналган Ата Мекенди, эл-жерди көздүн карегиндей сактоого күчтүү ишенимди, атуулдук парзды калыптандырат. Турмушка бышкан, патриот, эл-жеринин тынчтыкта бакубат жашоосуна жетишүүгө конкреттүү максат койгон эр-азаматтар тарбияланып чыгат", — деген президент.
Ошондой эле ата-энелер мекенди коргойм деген уулдары менен сыймыктанарын айткан.
20 Бирдин айы 2021, 16:45
"Ар бир ата, ар бир эне армияга кызмат кылган уулдары менен сыймыктанат. Ата журт дагы мындай уул-кыздары менен даңкталат. Демек, бул — чоң сыймык! Биз турмушта бышып жетилген, эрктүү, мекенчил жана билимдүү жаштар менен Кыргызстаныбыздын келечегине ак кызмат кылабыз. Урматтуу мекен коргоочулар, мекен чегин коргойм, өлкөмдү өнүктүрөм, эл-журтумдун байгер турмушун камсыздайм деген ой-максатыңар эч качан майтарылбасын, кайрат-күчүңөрдөн жазбагыла", — деп жазган Жапаров.
Жакында эле Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Садыр Жапаровдун армиядагы дагы бир сүрөтүн чыгарган.
Анда ал 20 жашта болчу.