https://sputnik.kg/20210225/bishkekte-aldamchy-adam-karmaldy-1051576010.html
Айып короодогу 20 унааны каттайм деп 170 миң сом алып из жашырган. Шектүүнүн сүрөтү
Айып короодогу 20 унааны каттайм деп 170 миң сом алып из жашырган. Шектүүнүн сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Шектүү адам айып короодо көптөн бери токтоп турган 20дан ашык автоунааны Бишкек тургунунун атына каттатып берүүнү сунуш кылып, жабырлануучунун 170 миң сомун... 25.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-25T10:33+0600
2021-02-25T10:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
алдамчылык
шектүү
бишкек
кылмыш
https://sputnik.kg/img/104640/28/1046402858_0:287:3072:2025_1920x0_80_0_0_52c033ef1117902546c43fa925fda301.jpg
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы айып короодогу автокөлүктөрдү каттатып берем деп алдамчылыкка шектелген кишини арыздын негизинде кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.Октябрь райондук милициясына 19-февраль күнү убадасын аткарбай алдап кеткен адамга чара көрүүнү өтүнүп, шаар тургуну кайрылган.Арыз ээсинин айтымында, М. аттуу адам ишенимине кирип алып, айып короодо көптөн бери токтоп турган 20дан ашык автоунааны анын атына каттап берүүнү сунуш кылып, бул кызматы үчүн 170 миң сом сураган. Ал киши аталган суммадагы акчаны алгандан соң качып кеткен.Бул факт Жазык кодексинин 98-беренеси ("Алдамчылык") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган.Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 49 жаштагы М.К. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.Милиция аталган жарандардын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун териштирип жаткандыгын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20210219/avtounaa-satuu-karmoo-aldamchylyk-almaty-1051514463.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104640/28/1046402858_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_3297b45ab4ba577ff9d2ca64505ac198.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, алдамчылык, шектүү, бишкек, кылмыш
жаңылыктар, коом, кыргызстан, алдамчылык, шектүү, бишкек, кылмыш
Айып короодогу 20 унааны каттайм деп 170 миң сом алып из жашырган. Шектүүнүн сүрөтү
10:33 25.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Шектүү адам айып короодо көптөн бери токтоп турган 20дан ашык автоунааны Бишкек тургунунун атына каттатып берүүнү сунуш кылып, жабырлануучунун 170 миң сомун алып качып кеткен.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы айып короодогу автокөлүктөрдү каттатып берем деп алдамчылыкка шектелген кишини арыздын негизинде кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Октябрь райондук милициясына 19-февраль күнү убадасын аткарбай алдап кеткен адамга чара көрүүнү өтүнүп, шаар тургуну кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, М. аттуу адам ишенимине кирип алып, айып короодо көптөн бери токтоп турган 20дан ашык автоунааны анын атына каттап берүүнү сунуш кылып, бул кызматы үчүн 170 миң сом сураган. Ал киши аталган суммадагы акчаны алгандан соң качып кеткен.
19 Бирдин айы 2021, 14:24
Бул факт Жазык кодексинин 98-беренеси ("Алдамчылык") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 49 жаштагы М.К. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Милиция аталган жарандардын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун териштирип жаткандыгын кошумчалады.