https://sputnik.kg/20210301/iimdin-rftegi-okulchulugu-kurer-kyzmatyna-zhamyngandarga-kayryldy-1051627059.html
20 жылга кесилет! ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү курьер кызматына жамынгандарга кайрылды
20 жылга кесилет! ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү курьер кызматына жамынгандарга кайрылды
Sputnik Кыргызстан
ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерге билбестиктен мыйзамсыз иштерге кабылып калбас үчүн кыраакы болууга чакырып, ал эми... 01.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-01T13:18+0600
2021-03-01T13:18+0600
2024-04-26T15:05+0600
коом
жаңылыктар
видео
мультимедиа
иим
кыргызстан
россия
баңгизат
https://sputnik.kg/img/07e5/03/01/1051627089_0:0:1275:720_1920x0_80_0_0_bdd482ea9ec42ef67a52771d7295537a.jpg
"Россия Федерациясынын аймагында жашап, эмгектенип жаткан мекендештерге кайрылуу. Акыркы күндөрү Россия Федерациясынын аймагында мекендештерибиз "курьер" кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда", — деп айтылат маалыматта.ИИМ мыйзамсыз иштер адатта Россияда "Телеграмм" жана Hydro сайты аркылуу жүргүзүлүп жатканын билдирген."Мыйзамсыз буюмдарды ташууда: буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда, жашыруун жайларга коюп кетүү болуп саналат. Бул кызмат "Телеграмм" жана Hydro сайты аркылуу жүргүзүлөт.Ал эми расмий курьерлик кызмат: жумуш берүүчүдөн буюмду алып, белгилүү кабыл алуучуга жеткирип берүү болуп саналат жана бул кызмат тиркеме аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт.Тилекке каршы, биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат", — деп айтылат маалыматтарда.Өкүлчүлүк курьерлик кызматка жамынып, баңгизатын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандарга да кайрылып, эскертүү берген.ИИМ бул кайрылуунун видео версиясын да жасап тараткан.
https://sputnik.kg/20210210/iim-rossiyadagy-okulu-nurlan-zhanbaev-maek-1051408570.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/01/1051627089_0:0:1147:720_1920x0_80_0_0_e80894aea204876f7c349562b6b1f658.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, жаңылыктар, видео, мультимедиа, иим, кыргызстан, россия, баңгизат
коом, жаңылыктар, видео, мультимедиа, иим, кыргызстан, россия, баңгизат
20 жылга кесилет! ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү курьер кызматына жамынгандарга кайрылды
13:18 01.03.2021 (Жаңыртылды: 15:05 26.04.2024) ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерге билбестиктен мыйзамсыз иштерге кабылып калбас үчүн кыраакы болууга чакырып, ал эми бир катарларына эскертүү берди.
"Россия Федерациясынын аймагында жашап, эмгектенип жаткан мекендештерге кайрылуу. Акыркы күндөрү Россия Федерациясынын аймагында мекендештерибиз "курьер" кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ мыйзамсыз иштер адатта Россияда "Телеграмм" жана Hydro сайты аркылуу жүргүзүлүп жатканын билдирген.
"Мыйзамсыз буюмдарды ташууда: буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда, жашыруун жайларга коюп кетүү болуп саналат. Бул кызмат "Телеграмм" жана Hydro сайты аркылуу жүргүзүлөт.
10 Бирдин айы 2021, 16:45
Ал эми расмий курьерлик кызмат: жумуш берүүчүдөн буюмду алып, белгилүү кабыл алуучуга жеткирип берүү болуп саналат жана бул кызмат тиркеме аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт.
Тилекке каршы, биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат", — деп айтылат маалыматтарда.
Өкүлчүлүк курьерлик кызматка жамынып, баңгизатын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандарга да кайрылып, эскертүү берген.
"Бул кооптуу ишти бир же эки жолу аткарып "мени кармаса курьермин деп кутулам же эч ким байкабаса, иштин жагдайларын билбесе кайра аткарсам болот" деген кыска түшүнүктөн алыс болуш керек! Себеби алыста үмүт артып, жол карап күткөн ата-эненин, бир туугандардын көз жашы да жардам бере албайт. Бул кылмыш үчүн Россиянын мыйзамдарында 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзамсыз жана өмүрүңүз үчүн кооптуу ишти жасаардан мурда терең ойлонуңуз, урматтуу мекендеш", — деп айтылат кайрылууда.
ИИМ бул кайрылуунун видео версиясын да жасап тараткан.