Ошто базардагы ишкерлерден акча жыйнаган деп милициянын подполковниги кармалды
18:41 11.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген адам. Иллюстративдик сүрөт
![Кишенделген адам. Иллюстративдик сүрөт Кишенделген адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021](https://sputnik.kg/img/103840/65/1038406571_0:40:6016:3424_1920x0_80_0_0_b9a6e67d54ee42570fc52bb00ff0d091.jpg)
Жазылуу
Кармалган кызматкер базарда эмгектенген ишкерлерден мыйзамсыз акча жыйнаган деп шектелип жатат. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Оштогу №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРОштогу №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады
![Задержание начальника ГОМа в Оше Задержание начальника ГОМа в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/03/0b/1051739578_0:0:810:1080_1920x0_80_0_0_1c14041fffae423ebbb56da0903895ce.jpg)
Оштогу №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Билдирүүдө айтылгандай, милициянын Т.Т. аттуу подполковниги базарда эмгектенген ишкерлерден мыйзамсыз акча жыйнаган деп шектелип жатат.
"№1 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда мурда пара катары берилген акча каражаттар табылды", — деп жазылат маалыматтта.
Шектүү УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жана тергөө иштери башталганы айтылды.