https://sputnik.kg/20210323/benzindin-baasy-50-somgo-chygat-1051873092.html
Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу
Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу
Sputnik Кыргызстан
Нефтетрейдерлердин айтымында, келерки кымбаттоо марттын аягына, апрелдин башына туура келиши мүмкүн. Андан ары прогноз кылуу татаал. 23.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-23T21:37+0600
2021-03-23T21:37+0600
2021-12-15T22:51+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
нефть
бензин
баа
кымбаттоо
https://sputnik.kg/img/104697/54/1046975431_0:69:3072:1797_1920x0_80_0_0_088b1354f31aa2655743056569d05cd7.jpg
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бензиндин баасы жакын арада дагы 3-4 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.Маалыматка караганда, кымбаттоого бир топ факторлор себеп болууда. Алардын арасында нефтке болгон баанын дүйнө жүзү боюнча көтөрүлүшү дагы бар.Уюмдан билдиришкендей, мындан узагыраак убакытка прогноз кылуу мүмкүн эмес. Анткени дүйнөлүк рынокто нефть казып алуунун көлөмү азайган сайын баалар тездик менен өзгөрүп жатат.Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева бааларды турукташтыруу максатындагы аракеттердин бири катары чийки нефтини Кыргызстандан сыртка чыгарууга тыюу салынганын айтты.Эске салсак, АИ-92 бензини бир топ убакыт бою 33,5 сомдон ашкан эмес. Бааны 2020-жылдын февраль айында Россиянын нефть иштетүүчү заводдору түшүрүп койгон.2021-жылдын декабрь айынан баштап баалар кичинеден өсүп отуруп, 35,6 сомго жеткен. Январь айынын аягында айдоочулар бир литр май үчүн 36,9 сомдон төлөй баштаган. Учурда ал орто эсеп менен 45,5 сом турат.
https://sputnik.kg/20210317/ajdoochularga-benzindi-unomdoonun-zholdoru-1051796366.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Таалайбек Ороскулов
https://sputnik.kg/img/104701/97/1047019727_725:88:1516:879_100x100_80_0_0_86441ca762ced8a0fc924e6caed75b4a.jpg
Таалайбек Ороскулов
https://sputnik.kg/img/104701/97/1047019727_725:88:1516:879_100x100_80_0_0_86441ca762ced8a0fc924e6caed75b4a.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104697/54/1046975431_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_bfd4525d7927be621a7157168afa1a92.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Таалайбек Ороскулов
https://sputnik.kg/img/104701/97/1047019727_725:88:1516:879_100x100_80_0_0_86441ca762ced8a0fc924e6caed75b4a.jpg
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, нефть, бензин, баа, кымбаттоо
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, нефть, бензин, баа, кымбаттоо
Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу
21:37 23.03.2021 (Жаңыртылды: 22:51 15.12.2021) Нефтетрейдерлердин айтымында, келерки кымбаттоо марттын аягына, апрелдин башына туура келиши мүмкүн. Андан ары прогноз кылуу татаал.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бензиндин баасы жакын арада дагы 3-4 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кымбаттоого бир топ факторлор себеп болууда. Алардын арасында нефтке болгон баанын дүйнө жүзү боюнча көтөрүлүшү дагы бар.
“Кымбаттоого россиялык заводдордогу дуң баанын көтөрүлгөнү дагы себеп болууда. Тагыраагы, бир литр бензиндин 50 сом болушу кадыресе көрүнүш болгону турат. Келерки кымбаттоо марттын аягына, апрелдин башына туура келиши мүмкүн”, — дешти ассоциациядан.
Уюмдан билдиришкендей, мындан узагыраак убакытка прогноз кылуу мүмкүн эмес. Анткени дүйнөлүк рынокто нефть казып алуунун көлөмү азайган сайын баалар тездик менен өзгөрүп жатат.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева бааларды турукташтыруу максатындагы аракеттердин бири катары чийки нефтини Кыргызстандан сыртка чыгарууга тыюу салынганын айтты.
"Бүгүн Кыргызстандагы нефтини кайра иштетүүчү заводдор 30 пайызга гана иштеп жатат жана алардын кубаттуулугу өлкөнү АИ-80 үлгүсүндөгү бензин менен камсыздоого гана жетет. Башка түрлөрүн импорттоп жатабыз. Эгер бир ай ичинде күйүүчү майга баа 20 пайызга кымбаттап кетсе, Монополияга каршы комитет чектөөлөрдү киргизип, бааны бир деңгээлде кармайт”, — деди ал.
17 Жалган Куран 2021, 10:18
Эске салсак, АИ-92 бензини бир топ убакыт бою 33,5 сомдон ашкан эмес. Бааны 2020-жылдын февраль айында Россиянын нефть иштетүүчү заводдору түшүрүп койгон.
2021-жылдын декабрь айынан баштап баалар кичинеден өсүп отуруп, 35,6 сомго жеткен. Январь айынын аягында айдоочулар бир литр май үчүн 36,9 сомдон төлөй баштаган. Учурда ал орто эсеп менен 45,5 сом турат.