КР футболунун 100 жылдыгы, өлкөгө келчү Жанни Инфантино. КФС президентинин маеги
20:38 26.03.2021 (Жаңыртылды: 14:51 31.10.2023)
© Фото / Адилет БектуровКыргызстандын футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов
© Фото / Адилет Бектуров
Жазылуу
Быйыл 21-мартта Кыргызстанда футбол ойноло баштаганына 100 жыл болду. Өлкөдө бул күн жыл аягына чейин белгиленмекчи.
Кыргызстан футболунун бүгүнкү абалы, улуттук курама команданын Дүйнө чемпионатына, Азия кубогунун тандоо оюндарындагы мүмкүнчүлүгү тууралуу өлкөнүн футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов Sputnik Кыргызстан агенттиги менен баарлашты.
— Канатбек мырза, 21-мартта кыргыз футболунун тарыхына 100 жыл толду. Бул күн кандай белгиленди?
— Биз бул маанилүү датаны бир эле күн белгилеп, аны менен чектелип калбайлы деп чечтик. 2021-жылдын аягына чейинки спорттук иш-чараларыбыздын дээрлик баары ушул белгилүү күнгө арналып өтөт.
Өлкө футболуна эмгеги сиңген оюнчулар менен маектер уюштурулуп жатат. Биздин сайтта "Кыргыз футболу тууралуу 100 факты" деген рубрика ишке киргизилди. Анда апта сайын 100 жылдыктагы маанилүү фактылар жарыяланып жатат. Кыргызстанда алгачкы расмий футболдук беттеш 1921-жылдын 21-мартында ойнолуп, анда "Пишпек" (Фрунзе, Кыргызстан) менен "Верный" (Алматы, Казакстан) командалары беттешкен. Натыйжада 3:1 эсеби менен коноктор жеңишке жеткен. Ушул күн Кыргызстандын футбол тарыхынын башталган күнү катары саналып калган.
Мүмкүн дүйнөгө белгилүү футболчуларды чакырып, атайын футболдук беттеш өткөрөрбүз. Же 100 жылдыктын урматына "Достук" мелдеши уюштурулар. Бул багыттагы маселелер ар тараптуу каралып жатат. Жылдын соңунда футбол мыктыларын белгилеген Sport Awards сыйлыгынын ээлерин аныктайбыз. Бир сөз менен айтканда, быйылкы футболдук иш-чараларыбыздын баары ушул белгилүү күнгө арналат.
© Фото / пресс-служба КФСКыргызстанда алгачкы расмий футболдук беттеш 1921-жылдын 21-мартында ойнолгон. Анда “Пишпек” (Фрунзе, Кыргызстан) менен “Верный” (Алматы, Казакстан) командалары беттешип, 3:1 эсеби менен коноктор жеңишке жеткен.
Кыргызстанда алгачкы расмий футболдук беттеш 1921-жылдын 21-мартында ойнолгон. Анда “Пишпек” (Фрунзе, Кыргызстан) менен “Верный” (Алматы, Казакстан) командалары беттешип, 3:1 эсеби менен коноктор жеңишке жеткен.
© Фото / пресс-служба КФС
— Дүйнө чемпионатына, Азия кубогуна тандоо турунун буга чейин белгиленип, пандемиядан улам кийинкиге калган оюндары борборлоштурулган форматта Японияда өтмөй болду. Улуттук команда өткөн жылы бир да эл аралык оюн ойногон жок. Футболчулардын даярдыгы кандай?
— Курама команданын машыктыруучулар штабы былтыр күйөрмандарга жакшы оюн тартуулайбыз деген максат болгон. Тилекке каршы, ал орундалбай калды. Туура айтасыз, өткөн жылы биз Бишкекте бир да эл аралык мелдеш өткөрө алган жокпуз. Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам тандоо турунун оюндары борборлоштурулган форматта өтө турган болду. Бул оюндарды Кыргызстанда өткөрөлү деп биз да сунуш киргизсек болмок. Оюнчуларыбыз өз жеринде, өз талаасында ойнойт эле. Бул бизге артыкчылык алып келмек. Бирок азырынча буга шартыбыз туура келбейт. Ал үчүн стадиондорубуз эл аралык талапка жооп бериши зарыл, жанында оюнга чейин машыгуучу талаа болушу керек...
Улуттук команданын даярдыгы тууралуу азырынча так кесе бир нерсе айтуу кыйын. Анткени учурда өлкөнүн ички чемпионаты өтүп жатат, биздин чет жактардагы футболчуларыбыз жергиликтүү чемпионаттарда ойношууда. Пандемия бүтө элек. Тандоо оюндарына дагы эки айдан ашык убакыт бар. Азыр кимдин даярдыгы канчалык болорун айтуу кыйын. Деген менен биз команда жетекчилиги менен такай пикир алышып, команданын абалын талкуулап турабыз. Курамдагы футболчуларды Япониядагы оюндарга азыртан тарта психологиялык жактан даярдоо, аларды шыктандыруу аракеттери көрүлүп жатат.
Мен кечээ эле башкы машыктыруучу Александр Крестинин менен сүйлөштүм. Ал киши негизги курамда бир катар өзгөрүүлөр болорун айтты. Айрым футболчулар командадан таптакыр кеткенин билдирди. Мурда алмашууда отургандардан, негизги курамга жаш футболчулар да киргенин маалымдады. Буюрса, акырындап жагдайга жараша даярдык жүрүп жатат.
© Фото / пресс-служба КФСКанатбек Маматов: Кыргызстанда алгачкы расмий футболдук беттеш 1921-жылдын 21-мартында ойнолуп, анда "Пишпек" (Фрунзе, Кыргызстан) менен "Верный" (Алматы, Казакстан) командалары беттешкен
Канатбек Маматов: Кыргызстанда алгачкы расмий футболдук беттеш 1921-жылдын 21-мартында ойнолуп, анда "Пишпек" (Фрунзе, Кыргызстан) менен "Верный" (Алматы, Казакстан) командалары беттешкен
© Фото / пресс-служба КФС
— Тандоо турунда Кыргызстан командасы Бишкекте Мьянма курамасын 7:0 эсебинде уткан. Беттеш жең ичинен сүйлөшүлгөн деген шектенүүлөр айтылган болчу. Акыркы маалыматтар кандай болуп жатат?
— Негизи шектенүү атаандаштарга карата айтылган. Мьянма командасы Бишкектеги беттешке кандай даярдыкта чыгып, эмне максатты көздөгөнү белгисиз, бизди кызыктырбайт деле. Ал беттеште бизде жеңишти камсыздоо керек деген бир эле максат болгон. Ошондуктан команда ар тараптан мыкты даярдыкта чыккан. Коюлган тактикалык жана башка милдеттер, талаптар ийгиликтүү ишке ашырылып, анын натыйжасында жакшы жыйынтыкка жетишти.
Бул маалымат Мьянма тайпадагы Тажикстанды утуп алгандан кийин чыкты окшойт. Анткени КР Душанбеде жеңилүү ызасын тарткан. Ошондон улам шектенүүлөр пайда болсо керек. Анын бизге эч кандай тиешеси жок. Эмне менен бүткөнүн да билбейбиз. Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) тарабынан бизге бир да сын, шектенүү айтылган эмес.
© Фото / пресс-служба ФФКРКанатбек Маматов: эл аралык оюндарды Кыргызстанда өткөрүүгө азырынча шартыбыз туура келбейт. Ал үчүн стадиондорубуз эл аралык талапка жооп бериши зарыл, жанында оюнга чейин машыгуучу талаа болушу керек...
Канатбек Маматов: эл аралык оюндарды Кыргызстанда өткөрүүгө азырынча шартыбыз туура келбейт. Ал үчүн стадиондорубуз эл аралык талапка жооп бериши зарыл, жанында оюнга чейин машыгуучу талаа болушу керек...
© Фото / пресс-служба ФФКР
— КФСтин 2026-жылы же 2030-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына чыгуу боюнча иштелип чыккан стратегиясы бар экени айтылууда. Ушул тууралуу айта кетсеңиз...
— Ар бир өлкөнүн уюму алдына максат коюп, пландарды кабыл алат. Биз да 2030-жылга чейинки узак мөөнөттүү план кабыл алганбыз. Анда эң башкы максат — Дүйнө чемпионатына чыгуу болуп саналат. КР командасы дүйнөлүк аренага чыгып, оюн көрсөтсө бул биз үчүн чоң жетишкендик болот.
Бул үчүн көптөгөн эмгек, аракеттер көрүлүшү зарыл. Алар акырындап, кадам артынан кадам болуп кетиши керек. Биринчи кезекте футболду жайылтуу, өспүрүмдөр, жаштар курама командаларын чыңдоо, эл аралык деңгээлге чыгаруу, атаандаштыкты өстүрүп, ички чемпионатты күчтөндүрүү зарылчылыгы турат.
Мен жогоруда айтып кеттим, футболдук инфраструктурабыз начар, аны оңдоо, мүмкүнчүлүк болсо заманбап кылып жаңысын куруу керек. Машыктыруучуларды окутуу, даярдоо, аймактардагы өкүлчүлүктөрүбүздү өстүрүп, жаңы деңгээлге алып чыгуу сыяктуу тепкичтерден турган планыбыз бар.
— Бишкектин четинде 35 миң көрүүчүгө ылайыкташкан футболдук стадион, спорт сарай, заманбап муз аянтын жана олимпиадалык стандарттагы жабык бассейн куруу үчүн 30 гектар жер бөлүнгөнү айтылган. Соңку күндөрү ал жерге мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак үй куруу аракеттери болуп жатканын жазып чыгышты. Буга карата кандай пикир айтасыз?
— Аталган жер аянты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине берилгени тууралуу боюнча менде да маалымат бар. Мамлекеттик кызматта иштегендер үчүн турак үйлөр курулары, административдик шаарча болору тууралуу мен да окуп калдым. Эми бул акыркы чечим эмес деп ойлойм.
Мен мамлекет башчы Садыр Жапаров спортту, өзгөчө футболду сүйгөн инсан экенин жакшы билем. Ошондуктан ал киши бул маселеге кайдыгер карабайт деп ойлойм. Эгерде бул иш чиеленишип, татаалдашып кеткен күндө деле өлкө башчысы башка жактан бизге, кыргыз спортуна заманбап шаарча куруп берет деп ишенем.
© Фото / Адилет БектуровКанатбек Маматов: футболдук инфраструктурабыз начар, аны оңдоо, мүмкүнчүлүк болсо заманбап кылып жаңысын куруу керек. Машыктыруучуларды окутуу, даярдоо, аймактардагы өкүлчүлүктөрүбүздү өстүрүп, жаңы деңгээлге алып чыгуу сыяктуу тепкичтерден турган планыбыз бар
Канатбек Маматов: футболдук инфраструктурабыз начар, аны оңдоо, мүмкүнчүлүк болсо заманбап кылып жаңысын куруу керек. Машыктыруучуларды окутуу, даярдоо, аймактардагы өкүлчүлүктөрүбүздү өстүрүп, жаңы деңгээлге алып чыгуу сыяктуу тепкичтерден турган планыбыз бар
© Фото / Адилет Бектуров
— Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты жанданды. Анын форматы жана катышкан командалардын саны боюнча кандай өзгөчөлүктөр бар?
— Чемпионатта былтыркыдай эле сегиз команда ойноп жатат. Былтыр пандемия болуп, чемпионат убактылуу токтотулган. Кийин жагдайдан улам Кант шаарында борборлоштурулган форматта өткөрдүк.
Быйыл, буюрса, план боюнча бара жатат. Төрт айлампада өтөт. Командалар өз үйүндө жана конокто ойношот. Жалпысынан 112 беттеш өтүшү керек. Анын жыйынтыгы менен өлкө чемпиону аныкталмакчы.
Ошондой эле Кыргызстандын кубогу мелдешин өткөрөбүз. Былтыр футболдон өлкө кубогу мелдеши да Кант шаарында өткөн болчу. Быйыл стандарттык негизде үйүндө-конокто беттештер болот. Турнирге премьер-лига, улуттук лига жана экинчи лиганын командалары катышат.
© Фото / Адилет БектуровКанатбек Маматов: мыкты команда курап, жакшы натыйжага жетем дегендер болсо чет өлкөдөн оюнчуларды алып келип, аларга шарт түзүп, келишимин төлөшү керек. Мунун баары келип акчага такалат
Канатбек Маматов: мыкты команда курап, жакшы натыйжага жетем дегендер болсо чет өлкөдөн оюнчуларды алып келип, аларга шарт түзүп, келишимин төлөшү керек. Мунун баары келип акчага такалат
© Фото / Адилет Бектуров
— Мисалы, дүйнө чемпионатына тандоо турундагы атаандаштардын командалары көп. Япония Жей лига 18 команда, Тажикстан 10, Монголия 10... Ушундай жагдайда алар менен кантип татыктуу атаандашууга болот?
— Бул эң туура маселе. Ички чемпионаттын деңгээли жогору болгон өлкөнүн улуттук командасы күчтүү болот. Бизде бир нече жылдан бери 7-8 команда катышып келе жатат. Футболдук команданы түзүп, аны ар тараптуу камсыздоого оор иш. Оюнчулар менен машыктыруучулардын маянасын төлөө, башка жактарга барып ойноп келгени, баскан-турганы сыяктуу чыгымдарын көтөрүү өтө көп каражатты талап кылат.
Мыкты команда курап, жакшы натыйжага жетем дегендер болсо чет өлкөдөн оюнчуларды алып келип, аларга шарт түзүп, келишимин төлөшү керек. Мунун баары келип акчага такалат. Мен лигаларга катышкан командалардын санын көбөйтүүнүн эки жолун көрөм. Биринчи кезекте бийлик тараптан кызыгуу болушу керек. Ири бюджети бар мекемелерди команда түзүүгө чакырып, аларга кандайдыр бир жеңилдиктерди берүү керек. Маселен, демөөрчү ишканаларды, жеке инсандарды салыктан бошотуу сыяктуу иштер колго алынса жакшы болот. Ошондо кызыгуу жогорулайт.
Мисалы, Өзбекстанда мамлекеттик мекемелерди футболдук команда түзүүгө милдеттендирип койгон. Өлкө футболун өнүктүрүү үчүн Ислам Каримовдун доорунда эле атайын мыйзам кабыл алынган. Азыр аны заманга жараша жаңылап кайра кабыл алышты.
Биз да мамлекеттик бийлик менен бул багытта айрым аракеттерди көрүп жатабыз. Эми канчалык натыйжа чыгат, канчалык колдоо табабыз, аны алдыда көрөбүз. Аракеттер болуп жатат.
© Фото / пресс-служба КФСКанатбек Маматов: Жанни Инфантино дүйнөлүк футбол чөйрөсүндө өтө абройлуу киши. Анын келиши Кыргызстандын футболунун жанданып, жаңы деңгээлге чыгышына түрткү болот деп үмүттөнөбүз
Канатбек Маматов: Жанни Инфантино дүйнөлүк футбол чөйрөсүндө өтө абройлуу киши. Анын келиши Кыргызстандын футболунун жанданып, жаңы деңгээлге чыгышына түрткү болот деп үмүттөнөбүз
© Фото / пресс-служба КФС
— ФИФА өзүнө мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын футболун колдоо үчүн 1,5 миллион доллар каражат бөлгөнү маалым. Акча келдиби?
— Пандемия убагында зыянга учураган федерацияларды колдоо үчүн ФИФА 1,5 миллион доллар каражат жардам берүү чечимин кабыл алган. Анын бир миллиону эркектердин, ал эми 500 миң доллары кыз-келиндер футболун колдоого багытталган.
Бизге буга чейин 500 миң доллар келген. Ал каражатка өлкө кубогу, өспүрүмдөрдүн жана футзал боюнча өлкө чемпионаттары өткөрүлдү. Мындан сырткары, коронавируска каршы керектүү дары-дармек, жабдуулар алынган.
Дагы калган 500 миң боюнча КФСтин катчылыгы тийиштүү тараптарга атайын кат даярдап жатат. Бул ирет аймактардагы өкүлчүлүктөрдү колдоо, алардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшайбыз деген пландарыбыз бар.
Кыз-келиндер футболуна делген 500 миң доллар акчаны күтүп жатабыз. Ал бир гана кыздар футболуна, аны ар тараптуу өнүктүрүүгө жумшалат.
Бул жерде баса белгилеп кетчү жагдай, бизде 15 кишиден турган аткаруу комитети бар. ФИФАдан бөлүнгөн каражат ошол органдын уруксаты менен алынып, кайра эле анын сарпталганы боюнча отчёт берилет. Ага 30 кишиден турган конгресс көзөмөл кылат. Мындан сырткары, ФИФА атайын аудит жиберип, отчёт алышат.
© Фото / пресс-служба КФСФС жетекчиси Канатбек Маматов ФИФА президенти Жанни Инфантино менен 2019-жылдын аягында жолугуп, аны Кыргызстанга чакырган. Ал киши 2020-жылдын апрель айында келүүнү убада кылган эле. Коронавирус пандемиясынан улам бул иш кийинкиге жылып кетти.
ФС жетекчиси Канатбек Маматов ФИФА президенти Жанни Инфантино менен 2019-жылдын аягында жолугуп, аны Кыргызстанга чакырган. Ал киши 2020-жылдын апрель айында келүүнү убада кылган эле. Коронавирус пандемиясынан улам бул иш кийинкиге жылып кетти.
© Фото / пресс-служба КФС
— Кыргызстанга ФИФА президенти Жанни Инфантино келерин айткан элеңиз. Пандемия, эпидемиологиялык кырдаалдан улам кийинкиге калтырылган болчу. Ал киши келмей болдубу?
— Мен Жанни Инфантино менен 2019-жылдын аягында жолугуп, Кыргызстанга келип кетиңиз деп чакыргам. Ал киши 2020-жылдын апрель айында келүүнү убада кылган эле. Коронавирус пандемиясынан улам бул сапар кийинкиге жылып кетти. Азыр деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер өлкөбүздө эпидемиологиялык абал турукташып калса, анда ушул жылдын аягында ФИФА президенти бизге келип калышы мүмкүн.
Инфантино дүйнөлүк футбол чөйрөсүндө өтө абройлуу киши. Анын келиши Кыргызстандын футболунун жанданып, жаңы деңгээлге чыгышына түрткү болот деп үмүттөнөбүз.