Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан дарыгерди эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында белгилүү музыканттын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1948-жылы артыкчылык менен аяктап, 1952-жылы ординатураны бүтүрүп эмгек жолун катардагы ассистенттен баштап, жогорку окуу жайдын проректору болгонго чейин жетишкен.
Окумуштуу Миррахимов клиникалык физиолог, өлкөдөгү саламаттык сактоонун мыкты уюштуруучусу, чет мамлекеттерде көрүнүктүү коомдук ишмер катары таанылган.
Миррахимов Кыргызстанда кардиологиялык кызматты түзүүнүн жана өркүндөтүүнүн демилгечиси. Анын аракеттери менен 1980-жылдары жүрөк ооруларынан каза болгондордун саны 15 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле ал негиздеген жана жетектеген Кардиология илим изилдөө институту кыска убакыттын ичинде заманбап медициналык шаймандар менен жабдылып, сапаттуу билим берүүчү илимий-практикалык комплекске айланган. Ал мекеме азыркыга чейин өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Окумуштуу 700дөн ашык илимий эмгектин, 35 монография, 500гө жакын илимий макала жана 19 ойлоп табуунун автору. I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 2008-жылы 81 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
![Миррахимов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплом менен аяктап 25 жашында илимдин кандидаты, 38 жашында илимдин доктору болгон Миррахимов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплом менен аяктап 25 жашында илимдин кандидаты, 38 жашында илимдин доктору болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1b/1051914722_0:0:1296:1216_600x0_80_0_1_6479b7d6191a52b264634c71752ec8c8.jpg)
![Фрунзе шаарындагы өзбек башталгыч мектебинин окуучулары. 1935-жыл (Миррахимов экинчи катарда сол жактан биринчи) Фрунзе шаарындагы өзбек башталгыч мектебинин окуучулары. 1935-жыл (Миррахимов экинчи катарда сол жактан биринчи) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103256/30/1032563077_0:0:3059:2421_600x0_80_0_1_c2b6191a9c54c7ccfe7f1cfb10cf3287.jpg)
![90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова 90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103256/30/1032563084_0:0:3288:2469_600x0_80_0_1_2930dde908012991495f11014bfcc99d.jpg)
![Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1b/1051914768_0:0:2048:2768_600x0_80_0_1_fe438992bb7bdd9c1f3f0a528a55a35b.jpg)
![90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова 90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103256/31/1032563161_0:0:3612:2294_600x0_80_0_1_6543435ff938dcc7332f6d685e59db44.jpg)
![Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1b/1051913869_0:0:2492:2048_600x0_80_0_1_d1e1ecac9423389b30de799c299ec4c1.jpg)
![Руководитель института член-корреспондент Академии медицинских наук СССР, академик Мирсаид Миррахимов Руководитель института член-корреспондент Академии медицинских наук СССР, академик Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1b/1051914969_0:0:3114:2048_600x0_80_0_1_e354a23fc2e49cad9fde33d400f0d3a9.jpg)
![90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова 90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103256/31/1032563107_0:0:2652:2084_600x0_80_0_1_c2ddc0424d2384041e42d2f9479159ba.jpg)
![Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1b/1051914809_0:0:2709:2048_600x0_80_0_1_2a1437f8f2359e30a9aa718168756029.jpg)
![Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1b/1051914846_0:0:3185:2047_600x0_80_0_1_3c2584a2d348c32da309dba9c4b68b0e.jpg)
![Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1b/1051914885_0:0:1789:1303_600x0_80_0_1_0c36e6cb00ad58ca9c5b56f6deb48a14.jpg)
![Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1b/1051914924_0:0:810:591_600x0_80_0_1_8fa2dce5445ffe57e98d83881e73db80.jpg)
![Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103256/31/1032563178_0:0:3465:2310_600x0_80_0_1_28601fdb7c74da0949e84d0a2d9bbb34.jpg)