Бишкектеги жогорку окуу жайга Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды
14:47 06.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба АГУП КРКыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясы. Архив
![Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясы. Архив Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021](https://sputnik.kg/img/102494/11/1024941163_0:0:1093:614_1920x0_80_0_0_289f5f7f5f26325e3413a064c543b668.jpg)
© Фото / пресс-служба АГУП КР
Жазылуу
Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинде бир нече сунуш айтылган.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда
![Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/06/1052023196_0:68:3151:2048_600x0_80_0_0_1ef3acea976eb5d5961f00f9d2b83c83.jpg)
1/2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБүгүн Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болгон
![Бүгүн Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болгон Бүгүн Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/06/1052023201_0:136:3044:2048_600x0_80_0_0_d20bb99b21275f7d1dd47d1140e3f086.jpg)
2/2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бүгүн Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болгон
1/2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда
2/2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бүгүн Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болгон
Бүгүн Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болгон. Президенттин жарлыгына ылайык, иш-чара мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөт.
Кеңешменин мүчөлөрү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чараларды, анын катарында Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, эл аралык илимий конференция өткөрүүнү сунушташкан.
Ошондой эле ысымын Президентке караштуу башкаруу академиясына ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын баатыры наамын берүү маселеси талкууланган. Аны менен бирге Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн ЮНЕСКОнун "Дүйнө эстелиги" программасынын консультативдик комитетине кайрылуу демилгеленген.
Премьер-министр бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин айткан.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин айткан
![ремьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов ремьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/04/06/1052023191_0:0:3011:2047_1920x0_80_0_0_8d909ffadfdd7525e3b3f32ac369ef8e.jpg)
Премьер-министр бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин айткан
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Жусуп Абдрахманов – заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө олуттуу салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер. Анын өмүр жолу Кыргызстандын ар бир жаранына, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге үлгү болушу тийиш", — деди Марипов.
Жыйынтыгында киргизилген сунуштарды эске алуу менен планды толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.