https://sputnik.kg/20210408/deputattar-iim-bashchysyn-chakyrdy-1052040291.html
Депутаттар парламентке ички иштер министрин чакырууну талап кылууда
Депутаттар парламентке ички иштер министрин чакырууну талап кылууда
Sputnik Кыргызстан
Соңунда министрди чакыруу күн тартибине киргизүүгө добуш берилди. Бирок ал качанкыга чакырылганы айтылган жок. 08.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-08T10:55+0600
2021-04-08T10:55+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
милиция
өлүм
кыз ала качуу
депутат
дастан бекешев
айсулуу мамашова
бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051339174_0:97:3072:1835_1920x0_80_0_0_61fd65e6d4ad500e05a55588d9196a06.jpg
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн ички иштер министри Уланбек Ниязбековду чакырууну талап кылууда.Эл өкүлү Дастан Бекешев бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.Ал эми Натилья Никитенко бүгүн бул окуяны карабай коюуга парламенттин моралдык укугу жок экенин белгиледи.Депутат Айсулуу Мамашова бул маселени төрага биринчи болуп көтөрбөгүнө нааразычылыгын билдирди.Соңунда спикер Талант Мамытов буга каршы эместигин айтып, сунуштарды эске алуу менен күн тартибине киргизүүгө добуш берилди. Бирок ички иштер министри качанкыга чакырылганы айтылган жок.Ала качууга дуушар болуп көз жумган АйзадаЭске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары аны ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.
https://sputnik.kg/20210408/deputat-plakat-kotorup-keldi-1052039690.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051339174_0:1:3072:1931_1920x0_80_0_0_713f6f97df77895987bec0f084964b6d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, милиция, өлүм, кыз ала качуу, депутат, дастан бекешев, айсулуу мамашова, бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, милиция, өлүм, кыз ала качуу, депутат, дастан бекешев, айсулуу мамашова, бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
Депутаттар парламентке ички иштер министрин чакырууну талап кылууда
10:55 08.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Соңунда министрди чакыруу күн тартибине киргизүүгө добуш берилди. Бирок ал качанкыга чакырылганы айтылган жок.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн ички иштер министри
Уланбек Ниязбековду чакырууну талап кылууда.
Эл өкүлү Дастан Бекешев бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
"Ушул жерде отургандар, жалпы коомчулук Ички иштер министрлиги кандай иштегенине аябай тынчсызданып турабыз. Алар өз убагында реакция кылган эмес. Биз бул маселени карашыбыз керек. Мындай шалаакылык, бейкапарлыгы үчүн керек болсо министр кызмат ордуна ылайыктуубу деген маселени карашыбыз зарыл", — деди Бекешев.
Ал эми Натилья Никитенко бүгүн бул окуяны карабай коюуга парламенттин моралдык укугу жок экенин белгиледи.
"Урматтуу кесиптештер, ушул маселени күн тартибине киргизүүнү колдоп бериңиздер. Министрдин маалыматын угуп, тиешелүү чечим кабыл алалы. Жогорку Кеңеш өз баасын бериши керек", — деди Никитенко.
Депутат Айсулуу Мамашова бул маселени төрага биринчи болуп көтөрбөгүнө нааразычылыгын билдирди.
Соңунда спикер Талант Мамытов буга каршы эместигин айтып, сунуштарды эске алуу менен күн тартибине киргизүүгө добуш берилди. Бирок ички иштер министри качанкыга чакырылганы айтылган жок.
Ала качууга дуушар болуп көз жумган Айзада
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары аны ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган
сөөгү табылган.Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.