Бишкек милициясын жетектөөгө келген Ногойбаев тууралуу эмне белгилүү
12:47 10.04.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба МВД КРВременно исполняющим обязанности начальника ГУВД Бишкека Азамат Ногойбаев
![Временно исполняющим обязанности начальника ГУВД Бишкека Азамат Ногойбаев Временно исполняющим обязанности начальника ГУВД Бишкека Азамат Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/04/0a/1052067446_0:110:1081:720_1920x0_80_0_0_f2b9b07275eb5b5fb247bd0eeaa4af5b.jpg)
© Фото / пресс-служба МВД КР
Жазылуу
Жаңы келген жетекчи Ногойбаев милициянын полковниги, ички иштер органдарында 1997-жылдан баштап кызмат өтөп келет.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Азамат Ногойбаевди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Азамат Ногойбаев — милициянын полковниги. 1980-жылы 12-июль күнү туулган. Кыргызстандын ИИМ академиясынын юриспруденция адистигин аяктаган. Ички иштер органдарында 1997-жылдан баштап кызмат өтөп келет.
© Фото / пресс-служба МВД КРБишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Азамат Ногойбаев
![Временно исполняющим обязанности начальника ГУВД Бишкека Азамат Ногойбаев Временно исполняющим обязанности начальника ГУВД Бишкека Азамат Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/05/12/1052532133_0:0:1000:1327_1920x0_80_0_0_4ff00eba8baabd4c6d591384a4cabb4e.jpg)
Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Азамат Ногойбаев
© Фото / пресс-служба МВД КР
Эмгек жолун Биринчи май РИИБде кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп баштаган.
Жетекчилик кызматтары:
- Ленин РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
- Чүй облусунун Жайыл РИИБдин жетекчисинин орун басары;
- ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы;
- ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
- ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчисинин орун басары;
- Чүй облусунун Сокулук РИИБдин жетекчиси;
- ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын бөлүм жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын түзүмдүк медалдары менен сыйланган.